Templates by BIGtheme NET

Чеченстандагы атайын операция учурунда беш киши өлдү

Чеченстан бийлиги 11-январда атайын операция маалында ири кылмыштуу топ кармалганын, беш киши өлгөнүн билдирди.

чеч

Рамзан Кадыров маалымдагандай, Курчалоевск районундагы атайын операция учурунда төрт жоочу жок кылынган. Окуя маалында коопсуздук кызматкери дагы көз жумган. Кылмышкерлердин бирөө түн жамынып качып кеткен, аны издөө иштери жүрүп жатат.

Кылмыштуу топту тинтүү учурунда миналар, жардыруучу заттар, курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Чечен бийлиги кармалгандардын айрымдары 2006-жылы тындым кылынган кандуу эмир делген Иса Мускаевдин жакындары болуп саналарын белгиледи. Өлөрдөн мурун Мусаев жана анын бир тууганы 102 кишини жок кылышкан.

Түндүк Кавказда абал тынч эмес. Советтер Союзу ыдырагандан кийин Москва бул аймакта жикчилдерге каршы эки сапар согушкан. Учурда Орусия президенти Владимир Путин менен ынак болуп жүргөн Кадыров мурда көтөрүлүшчүлөрдүн катарында болчу.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful