Templates by BIGtheme NET

УКМКнын кызматкерлери мурунку депутаттын өмүрүнө кол салышканбы?

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери  Р. Карасартованын арызы менен  Бишкек шаарында №1 убактылуу кармоочу жайда кармалып турган Максат  Кунакуновдун абалы менен  таанышып маектешип келген. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

максатАкыйкатчы институтунун кызматкерлери менен маектешкенде Кунакунов УКМКнын кызматкерлери, анын өмүрүнө кол салууга аракеттенишип кыйноого алышкандыгын кабарлаган. Кошумча катары ал ичкен сууга УКМКнын кызматкерлери анын акыл эсине таасир эте турган дары-дармектерди кошуп жүргөнүн билдирген. Андан сырткары ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү кылбагандыгын билдирип, ал аталган иштер укук коргоо кызматкерлери тарабынан атайын уюштурулган иш экендигин билдирген. Ал кармалып турган абактын бөлмөсүнүн терезеси жок экендигин айтып, абактагылар өздөрү пакеттер менен тосуп отургандыгын  айткан. Бул тууралуу абактын жетекчиси терезенин ачыктыгын, учурунда абактагылар терезени сындырып, сыныгы менен өз өмүрүн кыюуга аракеттенишкендиктен атайын алынып салынгандыгын билдирген.

Эсиңиздерде болсо Максат  Кунакунов 2015-жылдын 15-июлда УКМК  тарабынан кармалып, кылмыш иши козголгон. Ага карата атайын кылмыш ишин уюштуруу, бийликти басып алуу аракети,  террористтик топту каржылаган жана башка бир нече беренелер менен кылмыш иши ачылган эле.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кечээ эки адам сууга чөккөн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful