Россиянын Иванов шарында кыргыз жараны телевизор уурдаган үчүн 6 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы кыргыз жараны саунада эс алып, 10 миң рублдук телевизорду уурдап кеткен.
Азыркы учурда кылмышкер кылганын мойнуна алып, тергөө иштери жүрүүдө.
fakt.kg