Templates by BIGtheme NET

Дайырбек Орунбеков: “УКМК жарандардын укуктарын одоно тебелеп жатат!”

2016-жылы  депутат Ирина Карамушкина интернет баракчаларында президентке карата терс пикир жарыялагандардын тизмесин түзүп, жазага тартуу  керектигин айтып, УКМКга кат жазган эле. Анын ойлогон оюу ишке ашып, андай тизме да түзүлдү. Ал тизмеге бийлике жакпай калган 45 “Фейсбук” колдонуучулар кирди. Ушуга байланыштуу журналист Дайырбек Орунбековдун пикири.
Дайыр Орунбеков
“Мен Дайырбек Орунбековмун, “Фейсбукта” отурам. Бийликтин аракеттери тууралуу эркин оюмду айтам, ал менин Башмыйзамдагы укугум. Башка жарандар дагы бийлик тууралуу сын айтууга жана көз карашын билдиргенге мыйзам жол берет. Эркин оюн айткан жарандарды кысымга алып, “Фейсбук” колдонуучуларын УКМК суракка чакырганы дөөпөрөстүк. Президентти сынга алгандар көбөйүп бара жатса, демек Атамбаев көп катачылык кетирип жатат. Эл тараза, эл калыс. Абдил Сегизбаев элдин көңүлүн буруп, алаксытпаңыз. Андан көрө, сиз айтыңызчы?! Жогорку Кеңештин 3 депутатына байланыштуу Белизден келген документтер далилденбесе, күнөөнү мойнума алам дегенсиз. Сиздин президентиңиз дагы “Эгер 3 депутатты айыптаган документ жалган болуп чыкса, Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирем!”,-деп убада кылган. Бүгүн, ал документтер жалган болуп чыкты. Сиз эркек болсоңуз сөзүңүзгө туруп, кызматты тапшырып бериңиз. Президент да жигиттик сөзүн аткарышы керек. “Фейсбуктагы” фэйктерге теңелип эмне кыласыз?! Абийир таппайсыз андан. Аял башы менен Чолпон Жакупова сөзүнө туруп, мандатын тапшырды. Сиз да Чолпон Жакуповадан үлгү алыңыз, жигит болуңуз!”
fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful