Templates by BIGtheme NET

Жосунсуз жоруктуу Жолчиев кайрадан айыл өкмөт башчысы болобу?

Базар-Коргон районун Базар-Коргон айыл округунун башчысы Абдыкадыр Жолчиев тууралуу узун кептердин учугу бүтпөй келет. Анын буга чейинки чыр-чатактуу иштерине көз чаптырган адамдын төбө чач тик турат. Мыйзамсыз аракеттери оркоюп турса дагы, ага жергиликтүү укук коргоо органдарынын дегеле тиши өтө турган эмес. Анткени, Жолчиевди Ак үй менен Көк үйдө олтурган таасирдүү тааныштары качан болбосо коргоп, колдоп турушат экен. Алардын ким экендиги да айкын. Муну кийинчерээк сөз кылабыз. Азырынча Жолчиевдин айрым бир жосунсуз жоруктарына-тастыкталган факты менен токтололу.

%d0%b0%d0%ba%d1%87%d0%b0

Тактап айтканда, бу кишиге, аты аталган райондун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн «Үрөнчүлүк» чарбасынын жетекчиси болуп иштеп турганда кылмыш иши козголгону маалым. Себеби, да шумдуктуу, жүрөгүң түшөт. Чоо жайы мындай. Чарбага келип, акча табуунун амалын издейт. Ары карайт,бери карайт. Анан Жалал-Абад облусттук айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы жаратылышты коргоо боюнча иш чараларды жүргүзүүгө каражат бөлүп бере тургандыгын билип алып, өз айылындагы Коткор-Арык каналын тазалатам деген жүйөнү карманат. Ошентип, алар менен келишим түзүүнү ойлойт, бирок, келишим түзүү үчүн ишенимдүү мекеменин атынан кайрылуусу зарыл болот. Иликтеп олтуруп, жергиликтүү Тамчы-Булак суу сервисинин конторуна эч ким жок кезде барат. Сервистин жетекчисинин кабинетине кирип, столунун үстүндөгү печать менен штампын керектүү барактарына, ишеним каттарына бастырып алат. Андан ары Жалал-Абад облусттук айлана чөйрөнү коргоо башкармасына барып, аларга Тамчы-Булак суу сервисинин жетекчиси катары Коткор-Арык каналын тазалап берүүнү сунуш кылып, макулдашат дагы, ошол суу сервистин атынан 2000-жылы смета түздүрүп, башкармалык менен келишим түзүп чыгат. Мына ушул жасалма документтердин негизде Кыргызнефтегаз ишканасынан жалпы баасы 194570,50 сомдук күйүүчү май алып, муну өз кызыкчылыгына жумшап жиберет. Көп өтпөй бул иш алдоо менен ишке ашкандыгы ашкереленип, А. Жолчиевге кылмыш иши козголуп, ишти Базар-Коргон райондук соту карайт. Сот тарабынан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгат. Таанышың болсо таңкасың, таанышың жокпу маңкасың деген ушул белем, же Ак Үй менен Көк үйдөгү крышалары кийлигишкенби, айтор сот мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга такоо менен кайрадан жаза өтө жоопкерчилигинен бошотуп жиберет. Мамлекетке келтирилиген зыян эске алынбай, ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калат дагы, жолуң болгур, Жолчиевдин ташы өйдө кулап, кыңылдаган боюнча айыл окруктун башчысы болуп шайланып алат. Айыл өкмөтүн башкарып турган учурдагы өз кызыкчылыгына пайдаланган бармак басты көз кысты иштерин  буга чейин да бир катар ММКлар жарыя кылган. Айрыкча, жер маселеси тууралуу ойго келбеген окуялар орун алат. Андыктан, булар жөнүндө да алдыдагы күндөрү кенен сөз кылабыз. Айтмакчы, бүгүнкү күндө А.Жолчиевдин айыл окрукту башкаруусу учурундагы калпыс аракеттерине жергиликтүү тургундардын арасында өзгөчө нааразычылык күч экендиги айтылууда. Бирок, Жолчиев шайланган мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан, кайрадан айыл өкмөтү болуунун камын жеп жүргөн чагы. Ызасын ичине каткан эл толкуп кетпес бекен?

Тема боюнча:  Урматтуу мекендештер, сиздерден жардам сурайбыз

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful