Templates by BIGtheme NET

82 жаштагы таксист: “Пенсиям жетиштүү болсо мен таксист болуп жүрмөк белем”

Өлкөбүздө карапайым калк үчүн жашоо шарт оор болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Мына ушундай оор шартта жашап жаткан калктын көйгөйүн чагылдыруу максатында, жашы сексенден ашса да таксист болуп иштеп келе жаткан адам менен маек курдук. Биздин бүгүнкү каарманыбыз, жашы сексенден ашса да көр тириликтин камында турмушка моюн бербей күрөшүп келе жаткан Владимир Николаевич болмокчу. Ал жашы сексен экиге келсе да жаштарга теңелип унаасы менен эл ташып акча таап келет.  Мен сексен экиге чыктым дагы деле эл ташып акча табам. Рекорддор китебине кире турган адам бекем деп баштады маектешим кебин.

%d1%82%d0%b0%d0%ba%d1%81%d0%b8%d1%81%d0%b8

Акыркы убакта  таксисттерге кол салгандар көбөйдү сизде андай окуялар болгон жокпу?

Мен бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болгом. Мага кол салган адамды оңдурбайм.

Сиздин  эл ташып иштеп жатканыңызга канча убакыт болуп калды?

Таксист болуп иштегениме аябай көп эле болду. Пенсияга чыгарым менен иштеп баштагам, жыйырма жылдан ашты окшойт. 20 жылдан бери авто унаада таксист болуп эл ташып келем.

Пенсияга чейин эмне жумуш кылчы элеңиз?

Мен мурда  Айнек чыгарган  заводдо башкаруучу болуп иштөөчүмүн. Пенсияга чыккандан бери мына ушинтип төрт дөңгөлөктүн үстүндөмүн.

Эмне себептен таксист болуп иштеп калдыңыз?

Азыр жашоо шарт оор болуп калды. Азыр иштебей отуруп алсаң пенсияң өзү эч нерсеге жетпейт. 8000 миң аласың. 2500 коммуналдык төлөмгө эле кетет. Картайганда дары дармек керек болот экен. Бая күнү “кардиоцеп” деген дары сатып алдым эле 2500 миң сом болду. Андан башка көптөгөн чыгымдар бар. 8000 миң сом шаарда эмнеге жетет, өзүң деле эсептеп көрсөң болот.  Пенсиям жетиштүү болсо мен таксист болуп жүрмөк белем!

Жашыңыз сексен экиде болсо жаштарга теңелип иштөө кыйын эмеспи?

Мен өмүр бою спорт менен алектенип  келем. Мына ошол себептен карылыкка азырынча моюн бере элекмин.

Тема боюнча:  Кадыр түндү кантип, кайсыл жактан тосуу керек

 

Бир күндө канча акча  табасыз эл ташып?

Мен караңгы киргенче иштейм бир күндө орточо 300  сом табам ал да болсо жардам да. Өзүбүздү өзүбүз ойлобосок эч ким карабай калды. Азыр биздин өлкөдө тартип деген жок.  Мисалга дары сатып алдым деп атпайынбы, дары алганы барсаң да өз билген баасында коюп алган. Өлкөдө бир сөз менен “хаос” чиновниктердин өзүнө жакшы эле болсо болду болуп калды, алардын эл менен  иши жок. Бирок, азыр такси менен эл ташып акча табуу чынында оор болуп калды. Азыр таксисттер көп, атаандаштык көп, жашоо оңой эмес азыр.

Мына ушул унаа менен 82 жаштагы пенсионер эл ташып жан багып келет.

%d1%82%d0%b0%d0%ba%d1%81%d0%b8fakt.kg

 

 

 

 

One comment

  1. Ушу ак сакалга ден-соолук мен азыр 62 жаштамын ушу кишинин курагына жетип деним сак болсун

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful