Templates by BIGtheme NET

Стамбулдагы терактты өзбекстандык жаран жасаган болушу мүмкүн

Түрк полициясынын маалыматы боюнча Стамбулдагы 39 кишинин өмүрүн алган кол салууга шектүү адам Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн.

%d0%be%d0%b7%d0%b1%d0%b5%d0%ba

Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, шектүү 180 жолу ок чыгарган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кол салуудан соң ал түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен. Учурда кылмышкер кармала элек.

1-январга оогон түнү Стамбулдага “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип ок чыгарган. Андан 39 адам ажал таап, 70ке жакыны жараат алган. Бул кылмышка шектүү киши Орто Азия өлкөлөрүнүн жараны болушу мүмкүн деп айтылып, кыргызстандык адамдын аты да аталган. Бирок кыргыз жаранынын катышы жок экени кийинчерээк ырасталган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жырткыч бир кызды сууга сүйрөп кеткен (видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful