Templates by BIGtheme NET

“Көйнөктүн деле жаңысы жакшы, мэрлик кызматка жаңы талапкер келсе жакшы болот”

%d0%bd%d1%83%d1%80%d0%b4%d0%b8%d0%bd-%d0%b0%d0%bb%d0%b1%d0%b5%d0%baЖакында Бишкек шаарынын мэрлик орунга жарыш болгону турат. 11-январь күнү мэрлик кызмат үчүн Албек Ибраимов менен Нурдин Абдылдаев ат салышат. Бул эки талапкерге Бишкек шаарынын тургундарынын пикирин билиш үчүн “Эки талапкердин кимиси татыктуу” деген суроо менен шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк.

 

 

 

 

11

Бишкек шаарынын тургуну,
Мен чынында саясатка кызыкпайм деле, бирок менин оюмча мурдатан иштеп келген Албек Ибраимов эле татыктуу го деп ойлойм. Анткени экинчи талапкер тууралуу кабарым жок.Ал ким кайда иштеп эмне кызматтарды аткарып, элге кандай эмгек сиңирди чынында кабарым жок.

 

 

12

 

Бишкек шаарынын тургуну:

Мен экөөсү тең жөнүндө анча кабардар эмесмин. Бирок эскилер эмне кылып кыйратты. Азыр Бишкек шаарынын абалы анча жакшы эмес. Шаар таштандыга толуп кетти, тартип деген жок. Мен ошондуктан жаңы талапкерди колдойм, анткени мурдатан иштеп келгендер эч нерсени кыйратпады.

 

13Бишкек шаарынын тургуну:

Эки талапкер тең жакшы татыктуу эле. Албек Ибраимов деле шаар үчүн жакшы эле эмгек кылды. Бирок бул жолку шайлоодо мен жаңы талапкерге  добуш берет элем. Көйнөктүн деле жаңысы жакшы,  ошол сыяктуу мэрлик кызматка жаңы талапкер келсе жакшы болот. Ал эми жаңы өзүнүн талапкерлигин койгон Нурдин Абдылдаев тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Айдар Акаев менен дос болгон ал бул дешүүдө, бирок ал убакта Айдар менен баары дос болчу, дос болууга аракет кылышкандар да көп болчу. Андан жаман бир нерсе издөө негизи  туура эмес.

 

 

14Бишкек шаарынын тургуну:

Мен үчүн  айырмасы деле жок, баары бир кимиси келсе деле шаар үчүн жакшылык кыларына ишенбейм. Эл азыр саясаттан жадап калды, алар менен кошо мен дагы жададым.

 

 

Бишкек шаарынын тургуну:

Тема боюнча:  "Күмөндөр теңирчиби"? Абылов интернетке тараган видео тууралуу айтып берди (Видео)

Чынында мен экөөсүн тең колдобойм.  Борбор калаа үчүн деле бул эки талапкер бир нерсе кылып жиберет деп ишенбейм. Бирок акыркы учурда эмнегедир кайсы шайлоодо болбосун КСДП партиясынын талапкерлери утуп келүүдө. Менин оюмча бул жолку шайлоодо деле Албек Ибраимов мэр болуп шайланат го.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful