Templates by BIGtheme NET

96 жаштагы ардагердин электр тогуна болгон карызын төлөгөн Адилет Калыгулов: “жолдо турган адамды “по пути” ала кетсең, бул да сооп”.

 

Жарандык активист Адилет Калыгулов электр энергиясына карызынан улам электр жарыгын жок отурган согуштун ветераны Мамат Исановдун  20 миң 300 сом карызын төлөп, жарыгын күйгүзүп берген эле. Мына ушул колунан келген жардамын аябаган ак жүрөк жигит менен маек курдук. Жүрөгү таза адам менен маектешүү оңой дейт эмеспи, анткени алар эч нерсе жашырбайт. Ошол сыяктуу биз да каарманыбыздан эки эле суроо менен көп нерсеге жооп алдык.

%d0%b0%d0%b4%d0%b8%d0%bb%d0%b5%d1%82-%d0%ba%d0%b0%d0%bb%d1%8b%d0%b3%d1%83%d0%bb%d0%be%d0%b2

Ушундай сооп ишти биринчи жолу жасадыңызбы же мурдатан бери эле жардам берип жүрөсүзбү? 

Сооп иш деп бир гана акча жагынан жардам кылынган нерселерди атабаш керек деп эсептейм. Адам баласы эмнеге муктаж болсо, ошол муктаждыктар аткарылып калса ошол нерсе сооп деп түшүнөм. Эң эле жөнөкөй мисал селсаяк адам суусап турса суу берип койсоң чоң сооп, эшикте катуу суук болуп жатса аялдамада үшүп турган кишини орусча айтканда “по пути” ала кетсең бул да сооп. Мен жашоодо көп учурда кезделүүчү сооп иштердин эң жөнөкөйүн гана мисал кылдым. Ал эми сурооңузга кайрылсак соопчулук, кайрымдуулук иштерин көп убакыттан бери эле жасап келем бирок, коомчулукка жарыя жасабайм. Ардагер атабызга кылган кайрымдуулук социалдык тармакта жарыя болуп кеткени үчүн гана жасаган нерсемди отчет катары гана жарыя кылдым. Ардагерлерге,  деги эле карыяларга камкордук кылуу менин гана эмес башкасынын да милдети деп эсептейм, ошол эле учурда мамлекеттин да. Учурдан пайдаланып айтып кетким келет, баардык нерсени мамлекеттен күтүп жата бербей колуңдан эгер келсе өзүң жасап кой, мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекет үчүн эмне кылдым, эмне кылышым керек деп жашаш керек деп эсептейм.

Акчасы көп болуш керекпи же жөн эле жакшы адам болуу жетишеби? 

Жогоруда айтпадымбы. Соопчулук, кайрымдуулук, жакшы иштерди жасаш үчүн чоң акчанын деле кереги жок. Акча баарын чечсе анда акыйкаттын, адилеттүүлүктүн касиети жоголбойбу. Акча баарын чечсе өлгөн адамды тирилтип албайт белек. Ошондуктан жакшылыктын баасы жок, башы анан аягы болбойт. Чынгыз Төрөкулович айткандай жашоодо эң кыйын нерсе күнүгө адам болуу. Баса, кечээ эле ишкер Бабур Тольбаев аттуу мекендешибиз ооруп жаткан “Мисс Кыргызстан” Жибек Нукеевага жардам иретинде олчойгон 5млн сом каражат которуп берди. Бул деген эрдик, бул деген сөз жеткис адамгерчилик. Эмне үчүн ушуга окшогон агаларыбыз бийлик төбөлүнө келип боордошторуна кызмат кылбашы керек? Көп түкүрсө көл болот дегендей ушундай байке, эже, ини-карындаштар биригип, көбөйүп кыргыз элине, мамлекетке кызмат кылсак жаманбы? Мен ойлойм, бул күн да алыс эмес.

Тема боюнча:  Юлий Цезарь төрөлгөн ыкма Кыргызстанда бизнеске айландыбы...

Жыйынтык катары, бул адамдын кылганы чынында эрдик, мына  ушундай ак жүрөк жигиттерибиз көбөйө берсин демекчибиз!

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful