Templates by BIGtheme NET

“О” мобилдик байланыш компаниясы бирдик салууну эмнеге 10 сомго көтөрдү

 

“ О” мобилдик оператору мурда бирдик салганда комиссия үчүн 5 сом  алса, жаңы жылдан кийин 10 сом ала баштаптыр. Бизге О мобилдик байланышын пайдаланган бир нече адам кайрылып туура эмес кылып жатышканын, мындай кылышса кардарларын качырып аларын айтышты.

%d0%be

Биз чын төгүнүн билүү үчүн бир нече дүкөнгө барып көрдүк, чындап эле бирдик жүктөгөндөрү үчүн 10 сомдон алып жатышыптыр. Эмнеге мындай алып жатасыздар деп кайрылганыбызда “бизге компания СМС жазып 10 сомдон алгыла, 5 сомдон компанияга бересиздер 5 сом өзүңөргө калат деди.”- дешти. Биз ошондой эле “О” мобилдик компаниясына байланышканыбызда, алар бул ишти бирдик төлөө жаатында иштеген компаниянын кызматкерлери өздөрү билип кылып жатышканын, компания тарабынан эч кандай мындай иштерге чечим чыкпаганын айтышты. Эсиңиздерде болсо ар бир чалууга 60 тыйындан кошкон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ишин  чоң алдамчылык катары бааланган эле. Миллиондогон кардарлары бар “О” мобилдик кызматында ар бир кардар беш сомдон кошумча берсе канча каларын элестетип көрүңүз! Демек бул жерде да миллиондогон акчалар айланууда. Ал кайсы бир оюу жаман адамдын чөнтөгүнө түшүүдө. Бул иш ушундай улана берсе кылымдын аферасына айланчудай. Өлкө ар бир жарандын кызыкчылыгын коргоп берүүсү зарыл. Жакын арада бул маселеге монополияга каршы кызматынын кызматкерлери да көңүл бурушар деп үмүт кыла туралы. Окуянын жүрүшү менен окурмандарыбызды кабардар кылып турабыз.

fakt.kg

4 Прикирлер

  1. Терминальные компании совсем уже охамели. Разве можно так над людьми издеваться? С билайном тоже самое было. Только вот возникает вопрос, почему терминалы в случае с Билайном, потеряли 1 сом от Билайна, а для людей подняли на 5 сом. ; сома сверху с людских карманов, это грабеж среди бела дня. В случае с ошкой, они вообще незаконно эти же самые 5 сом накинули, потому что ошка вообще не меняла условий. Что хотят то и творят.

  2. Обхожу терминалы стороной еще с тех времен когда они комиссию подняли до 20 сом, с такими хапугами лучше дело не иметь или в офисах компаний пополняю баланс, или через сайт мобильника.

  3. О! мобилдик оператору биздин абоненттерибиз бул кырдаалга туш келгендигине өкүнүчтө. О!нун абоненттери үчүн балансты толтурууда 2017-жылдын 1-январынан тартып комиссиянын өзгөрүшү – бул төлөм тутумундагы операторлордун өз билемдик демилгеси. Бул иш-аракеттерге эч кандай финансылык негиздемелер жок О! мобилдик оператору өз тарабынан төлөм тутумундагы операторлор үчүн агенттик сыйлык акыны өзгөртүү жүргүзгөн эмес. Биз биздин абонеттерибиз үчүн комиссиянын 2 эсе негизсиз жогорулатууну туура эмес деп эсептейбиз жана бул маселени чечүү боюнча акивдүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

  4. Бул маселени карап жатабыз деп эле 10 сомдон ала береби?! Операторлорго чалсак маселени карап атабыз дегенден башка айтпайт. Интернетке кудайга шугур эле алып атпайсынарбы эми 10 сомду чечкиче канча адамдан 10 сом алып алган жатасынар?!!!!

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful