Templates by BIGtheme NET

“Көбүнчө кыргыз жүргүнчүлөр вагонго түшкөндө кызыктуу окуялар көп болот”

%d0%bf%d1%80%d0%be%d0%b2%d0%be%d0%b4%d0%bd%d0%b8%d1%86%d0%b0Темир жол өлкөбүздүн кан тамырларынын бири экени талашсыз. Күндөп, түндөп адамдарды ар кандай жүктөрдү ташып, өлкөбүзгө салымын кошуп жатат десек жаңылышпайбыз. Мына ушул темир тулпардын кызматкерлеринин салымы теңдешсиз. Биздин бүгүнкү каарманыбыз мына ушул поездде элге кызмат кылган формачан айым,  проводница Жандаралиева Самара Абдыкадыровна менен болгон маекти сунуштайлы.

 

Самара Абдыкадыр   овна эмне себептен бул кесипти тандап алдыңыз эле, иштегениңизге канча болду?

%d0%bf%d0%be%d0%b5%d0%b7%d0%b4%d0%bf%d0%be%d0%b5%d0%b7%d0%b43%d0%bf%d0%be%d0%b5%d0%b7%d0%b42

Бул тармакта иштегениме жакында 9-жылдын жүзү болот. Мурда башка тармакта  иштеп келгем. Анан бул жерге бир классташым иштөөчү, ошол келип иштеп көр деп сунуштап калды. Анан атайын 6 айлык  курсту бүтүрүп, ошол учурда Москва-Бишкек каттамында бош орун болуп калгандыктан жумушка кирип ушул жакта иштеп калдым.  Негизи эле мага форма кийген жакчу ошол да себеп болду окшойт.

Жол азабы оор эмеспи, жолдун узактыгынан вагондо жүргөндөн жадаган учурлар да болобу?

Эми жүргүнчүлөр эле жадашпаса бизде жумуш учуру болгондуктан билинбейт, зериккенге деле убакыт болбойт. Москвага барып келген деле бат эле болуп калат. Барып келгенибизди деле билбей калабыз. Жумушуңду жакшы көрсөң убакыт кандай өткөнү деле билинбей калат. Жумуш убактысы бизде ыңгайлуу Бишкек-Москва каттамында бир жума жолдо жүрөбүз. Келип эки жума эс алабыз.

Айлык акыңыз канча  жетиштүү элеби?

Айлык акыбыз бир үй бүлөнү толук бакканга жетпейт. Бирок жакшы эле, кээде аябай аз алган учурлар да болот. Жетпесе да сүйгөн жумушубузда иштеп жатабыз, эң негизгиси иштеген ишиңден ырахат алуу эмеспи.

Сиздерде кандайдыр бир текшерүүлөр болобу жолго чыгарда. Кандай милдеттерди аткарасыздар?

Бизди жолго чыгарда кан басымыбызды  текшерет. Мурда жолго чыгарда ичимдик ичип алган жокпу  деп атайын аппараттар менен текшерчү. Биздин негизги милдеттерибиз айтсам, жүргүнчүлөр  станцияга келгенде түшүп чыгуусун көзөмөлдөп турабыз. Вагонду таза кармоо, тартипти сактоо, кышында от жагып жылуу кармоо биздин милдетибиз.

Тема боюнча:  "Күмөндөр теңирчиби"? Абылов интернетке тараган видео тууралуу айтып берди (Видео)

 Поездде кызыктуу окуялар көп эле болобу?

Ооба андай окуялар көп эле болот. Мен сизге бир экөөсүн айтып берейин. Көбүнчө кыргыз жүргүнчүлөр  вагонго түшкөндө кызыктуу окуялар көп болот. Каягынан кирет, вагондо кантип жүрүш керек экендигин билбегендер да кезигет. Кээде мурда поездге түшпөгөндөр болот. Отуруп алып, бир күн поезд менен жүрсө эч кыймылдабай отургандар болот, жатып да албайт, эшикке да чыкпайт. Жада калса даараткана каякта экенин билбегендер кезигет. Айрым учурда  тескерисинче аябай шоктор болот, бүт вагонго тамада болуп алгандар да бар. Ушундай кызыктуу окуялар поездде болуп турат.

Ошолордон бирөөсүн айтып берейин. Мен биринчи каттамга чыкканда ырчы Неля Россияда кайсы бир сынакка катышып утуп келе жатыптыр, аябай шаңдуу келгенбиз кантип жеткенибизди билбей калыптырбыз. Менин биринчи сапарым ушундай башталган. Сөз бар го, биринчиси кандай болсо аягына чейин ошондой болот деген. Ошондон бери эле сапарларым шаңдуу болуп келе жатат.

Дагы бир кызык окуялардын бирин айтып берейин. Станцияга түшкөндө беш минут мурун эрте киребиз деп эскертебиз да, бир жолу жүргүнчүлөрүбүздүн бирине убакыт болду поезд азыр жүрөт чыккыла десем, ал “билет бизде да кайда барат элеңер”- дейт ошондо аябай күлгөнбүз.

Ушунча жыл жолдо жүрүп вагондо жаңы жыл тоскон учурлар да болду беле?

Мен эки жолу жаңы жылды вагондо тостум. Шаңдуу эле тосконбуз. Вагондун ичинде ресторан бар ошол жерге кесиптештер чогулуп саат он экиде тост айтып, анан 10-15 минут отуруп кайра жумуш ордубузга кайтабыз. Ал эми бул жылы куда кааласа үйдө болуп калат экенбиз, үйдө эле тосом деп жатам.

Элге болгон калоо тилектериңиз болсо куттуктоолор болсо айтып койбойсузбу?

Мен кыргызстандык баардык адамдардын иштерине ийгилик каалайм. Тынчтыкта жашайлы, өлкөбүздө тынчтык болсун. Сиздерге да ийгилик каалайм.

Тема боюнча:  Азимбек Бекназаров КСДПга кошулуу боюнча пикирин билдирди

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful