Templates by BIGtheme NET

Депутаттар бала кезинде жаңы жылды кантип тосушкан…

 

Мына баарыбыз күткөн жаңы жылда келип калды. Жыл жаңырып, жыл алмашып, бул мезгил баарыбыз үчүн өзгөчө майрамдардан. Биз өз окурмандарыбызды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, эл өкүлдөрүнүн жаңы жыл менен байланышкан балалык окуяларын эстетип, элге  болгон калоо тилектерин уктук.

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты:

%d0%b6%d0%b5%d0%b5%d0%bd%d1%87%d0%be%d1%80%d0%be%d0%b5%d0%b2

Элибизге  бакубаттулукту каалайм, жерибизде тынчылык болсун. Ар бир жаранга  бекем ден соолук каалайм, ар бир үйгө кут келсин. Мамлекетибизде тынчтык болсун, ынтымак болсун. Ал эми балалык тууралуу менин балалык кезим советтик доорго туш келди да, ал убакта жыңы жылды башкача тосот элек. Жаңы жыл чоң майрам болчу, башка балдар сыяктуу мен да чыдамсыздык менен күтчүмүн. Ал убакта мектептерде, бала бакчадан бери атайын майрамдык концерттер уюштурулчу. Балалык кездеги жаңы жылды эстесем советтик кез көзүмө элестейт. Келе жаткан жаңы жылды болсо эл катары эле  үйдөн үй -бүлөм менен тосом, ата-энем, балдарым менен чогу.

 Максат Сабиров, ЖК депутатты:

%d1%81%d0%b0%d0%b1%d0%b8%d1%80%d0%be%d0%b2

Жаңы жылды дайыма мен үй бүлөм менен тосом. Бишкекте же айылда апам, бир туугандарым менен. Эски жыл жалпы Кыргызстан үчүн реформанын жылы  болду. Жалпылап айтсак өлкөбүз үчүн алдыга жылуунун жылы болду. Эмдиги жылы  президенттик шайлоо тынч өтсө жакшы  жылдардан болот деп эсептейм.  Кыргыз элиме кааларым тынчтык. Тынчтык болсо баары болот экен. Ал эми кичине чагымда болсо, ушул аяз атага ишенер ишенбесимди  деле билбей калдым. Бирок жаңы жылды аябай күтөт элек. Мектепте окуп жүргөндө азыркыдай формалар сатылбайт эле. Эсимде бешинчи классымда атам “Зорро” деген кинодогудай кылып мага кагаздан шляпа, зымдан шпага, жасап берип бутума өтүк кийгизип,  бетиме картондон кара маска жасап, үстүмө кара плащ сыяктуу материалды жаап койгону эч эсимден кетпейт.

Нургазы Нишанов, ЖК депутаты:

Тема боюнча:  “Бай адамдар ата-энесин карылар үйүнө таштап кетишет”

%d0%bd%d0%b8%d1%88%d0%b0%d0%bd%d0%be%d0%b2

Өткөн жыл жакшы эле өттү аманчылык болду. Шайлоону, референдумду жакшы өткөрүп алдык. Келерки жыл болсо куда кааласа жаңы-жылда жакшы болот деген үмүттөмүн. Мамлекетибизде, элибизде тынчылык болсун. Жаңы жылды үйдөгүлөр менен эле тосоюн деп атам. Үй бүлөм   менен чогу эле майрамдайбыз. Балалык кездеги жаңы-жыл тууралуу, кичине кезде бала бакчада мектептерде аяз ата менен майрамдачубуз эл катары эле.

Алмазбек Акматов, ЖК депутаты:

%d0%b0%d0%ba%d0%bc%d0%b0%d1%82%d0%be%d0%b2

Өткөн жыл жакшы жылдардан, тынчылыктын жылы болду. Шайлоо, референдум  жакшы өттү десек болот. Келе жаткан жаңы жыл да жакшы жылдардан болсун, элибизге баардык жакшылыктарды каалайм, өлкөбүздө тынччылык болсун. Келе жаткан жылда болуучу президенттик шайлоо жакшы өтсүн, жакшы президент шайлансын. Жаңы жылды Кыргызстанда эле үй бүлөм менен тосом. Бала кезде жаңы жылды тоскондорумду эстесем мектепте аяз ата менен тоскон  кездер эсиме түшөт. Ал кезде жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөт элек.

Нурбек Алимбеков, ЖК депутаты:

:%d0%b0%d0%bb%d0%b8%d0%bc%d0%b1%d0%b5%d0%ba%d0%be%d0%b2

Элибизге тынчылык, өсүп өнүгүү баардык жакшылыктарды каалайм, кирип келе жаткан жаңы- жыл жакшы жылдардан болсун. Кудай берерин унутпасын, жакшылыктарды тилеп атам.  Майрамды мен үй бүлөм менен тосууну пландоодомун.

Эл өкүлдөрүнүн айткандары келип, 2017-жыл жалпы кыргыз элине жакшы жылдан болсун.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful