Templates by BIGtheme NET

“Жаңы шаар” партиясы шаардык кеңешке өтпөй калды

выборКара-Балта шаарында ызы-чууда аты аталган “Жаңы Шаар” партиясы жеңишке жетпей калды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка таянсак,  добуш берүүнүн жыйынтыгында так ушул партияны четтетишти.

БШКнын маалыматында жергиликтүү тургундар Жайыл РИИБине так ушул партия тарабынан добуш сатып алуулар болуп жаткандыгы тууралуу фактыларды беришкен.

Буга чейин “Азия 2” базарынын директору сатуучуларды “Жаңы Шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлаган. Анткени, бул партияда директордун бир уул бир кызы ат салышып жаткан. Сатуучулар өздөрү менен кошо 10 шайлоочуну алып келиши керек болгон. Эгерде, “Жаңы Шаар” партиясы жеңишке жетпей калса, анда ижара акысын көтөрөөрүн эскерткен.

БШК аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчисин, жана шайлоо тилкесинин жетекчисин кызматтан алуу маселесин караган.

Буга чейин так ушул маселенин айынан РИИБдин жетекчисине сөгүш жарыяланып, Жайыл районунун прокурору кызматтан алынган.

fakt.kg

Тема боюнча:  "Чет жердеги дипломатиялык мекемелердин баары Кыргызстандын жүзү"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful