Templates by BIGtheme NET

Жайыл районунун прокурору жана РИИБ жетекчиси кызматтан алынды

%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d0%bb%d1%82%d0%b0Кара-Балта шаарындагы “Азия 2” базарындагы чууга байланыштуу Жайыл РИИБинин жетекчиси кызматтан алынып, Чүй ШИИБинин жетекчисине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка таянсак, РИИБдин жетекчиси “Азия 2” базарындагы окуя тууралуу өз убагында жетекчиликке маалымат бербегендиги үчүн кызматтык иликтөөнүн натыйжасында кызматтан алынды.

Чүй ШИИБинин жетекчиси К. Жумагазиев  катуу сөгүш алды.

Эскерте кетсек, аталган базардын жетекчиси соодагерлерге “Жаңы Шаар” партиясына добуш берүүсүн, өзү менен кошо 10 шайлоочу алып келүүсүн талап кылган. Бул талапты аткарбагандарга ижара акысын көтөрөөрүн эскерткен.

Кечээ, “Азия 2” базарынын соодагерлеринин кайрылуусуна жакшы көңүл бурбагандыгы үчүн Жайыл районунун прокурору Алтынбек Намазалиев кызматтан алынган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жарым миллион сомдук арак-шарап талкаланды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful