Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абаддагы окуу жайда окуу өндүрүштүк тигүү цехи ачылды

 

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде окуу-өндүрүштүк тигүү цехи ачылып, студенттердин алып жаткан билимдерин практикалык жактан бекемдөө шарттары жаралды. Бул тууралуу аталган окуу-жайынын ректоратынан билдиришти.

Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору Абдилбает Мамасыдыковдун айтымында, аталган окуу жайындагы Гуманитардык-экономикалык колледж “Тигилүүчү буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо” адистиги боюнча орто кесиптик билими бар адистерди көптөн бери даярдап келет.

%d1%86%d0%b5%d1%851 %d1%86%d0%b5%d1%852 %d1%86%d0%b5%d1%853 %d1%86%d0%b5%d1%854

-Бул адистик боюнча билим алган бүтүрүүчүлөр тигүүчү фабрикаларда, цехтерде, ательелерде, моделдер жана мода үйлөрүндө, тиричиликти тейлөө ишканаларында модельер, инженер-конструктор, технолог, көркөмчү-стилист, дизайнер-модельер, тигүүчү болуп иштешет. Бүгүнкү күндөгү рыноктук экономиканын шартында бул адистик боюнча бүтүрүүчүлөргө суроо-талап абдан көп, анткени Кыргызстанда бул багыттагы ишканалар күндөн-күнгө дүркүрөп өсүүдө, аларда иштегендердин эмгек акылары да салыштырмалуу жогору экендиги коомчулукка маалым, – дейт ал.

Ошол адистик боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк тажрыйбадан өтүү шарттарын жакшыртуу, билим берүү процессин жана өндүрүш процессин жакындатуу максатында Экономика жана ишкердик университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин алдында окуу-өндүрүштүк цех ачылды. Цехтин ишин камсыздандыруу максатында жалпысынан 903 миң сомдук зарыл жабдуулар атып алынган.

Жакынкы келечекте Экономика жана ишкердик университетинин студенттеринин окуу-өндүрүштүк тажрыйбасын сапаттуу уюштуруу үчүндагы бир катар ишканалар ачылмакчы. Мисалы, “Финансы жана кредит”, “Банк иши” адистиктеринде окугандар үчүн виртуалдык банк, “Юриспруденция” багыты боюнча окугандарга виртуалдык милиция бөлүмү, “Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча окугандарга “Ак Кеме” бала бакчасы жана башка ушул сыяктуулар.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful