Templates by BIGtheme NET

Сарпашев биометрикалык маалыматтарды алуу үчүн 1,5 млн доллар сунуштаган ким экенин айтты

сарпашевМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев ким ага 1,5 миллион доллар пара сунуштаганын”24.kg” агенттигине айтып берди. Ал 1,5 миллион доллар пара сунуштагандар болгондугу тууралуу маалыматты журналисттер жакшы түшүнбөй эле чагылдырып жибергендигин айтты.

“Бул окуя архив агенттигинде болгон, ал жерде ар кандай ушак кептер айтылып жаткандыгы тууралуу сүйлөшүп жатканбыз. Мен кайсы бир партия биометрикалык маалыматтар сакталган жайды бузуп киргендерге 1,5 миллион доллар сый акы беребиз деп жатышкан экен деп айттым. Партиялардын биринин лидери менин тамашамды коштоп: Алар башка жакка кайрылышыптыр, Сарпашевдин өзүнө кайрылыш керек болчу, ал муну кылмак деди. Журналисттер болсо, маалыматты туура эмес чагылдырышыптыр. Ал тургай өздөрүн окуянын күбөсү катары айтышыптыр” – дейт Сарпашев.

Буга чейин ушундай маалымат чыккандыгын айтып, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков ким мындай сунуш бергенин ачык айтышы керектигин, аларды жоопко тартуу керектигин айтты.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жээнбеков мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалайт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful