Templates by BIGtheme NET

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ, дин аалымы: “Өз добушун сатуу, бирөөнүн добушун сатып алуу – күнөө, арам болот, ал адам затына жасаган кыянатчылык”

чубак ажы жалилов11-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен кошо жергиликтүү кеңештердин шайлоосу да өтөт. Капчыктуу партиялар азыртадан добуштарды акчага сатып алуу аракетин баштады. Добуш сатуу аракетин сиз кандай баалайсыз?

Өз добушун сатуу, бирөөнүн добушун сатып алуу – күнөө, арам болот. Бул жолго баргандар өзүнө эле эмес адамдарга да кыянатчылык кылган болот. Сен добушуңду сатып жатасыңбы, демек, ошол жерден сенин эсебиң бүттү. Андан кийин эч нерсе талап кылууга акың жок болот. Бирөөнүн добушун сатып алуу да арам.

Шайлоо астында сиз элге кандай кеңеш берет элеңиз?

Элибизди алданбагыла деп айтат элем. Эгер добушуңарды акчага сатсаңар арам тамак жеген болосуңар. Эгерде Кудай алдында, эл алдында таза иштей турган партияны баамдай турган болсоңор ошого добуш бергиле. Ал эми мындай партияны таппасаңар баарына каршы добуш бергиле деп айтат элем. Баарына каршы добуш берсеңер башкалары келет.

focus.kg

fakt.kg

Тема боюнча:  Азимбек Бекназаров КСДПга кошулуу боюнча пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful