Templates by BIGtheme NET

Бишкекте сасык тумоонун жайылышы азайган жок

Бишкекте сасык тумоонун жайылышы азайган жок. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, 3-4-декабрь күндөрү сасык тумоонун 16 миң 98 учуру катталган. Былтыр ушул эле күндөрү андай учурлардын саны 10 миң 664тү түзгөн.

%d0%b3%d1%80%d0%b8%d0%bf%d0%bf

Ноябрда шаар мектептериндеги балдардын сабакка катышуусу боюнча жүргүзүлгөн мониторинг 35 мектепте балдардын 20 пайызы окууга барбаганын көрсөттү. Буга байланыштуу шаардык координациялык комитеттин токтому менен шаар мектептериндеги окуу процессин 12-декабрга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

Бала бакчалар менен ымыркайлар үйлөрүндө санитардык эскертүүлөрдүн аткарылышы көзөмөлдөнүүдө.

Дезинфекциялык режимди сактабагандыгы жана коомдук транспортторду чаңдардан тазалабагандыгы үчүн автотранспорттук ишканалардын жетекчилерине 10 айып санкциясы салынды.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жалал-Абад шаарында иш-кагаздары башаламан

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful