Templates by BIGtheme NET

Кадамжай сурьма комбинаты ишин кайра жандандырат

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев  Кадамжай районундагы сурьма комбинатынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

563-079

Буга чейин облус бийлиги Кадамжай сурьма комбинатынын жетекчили менен чогулуш өткөрүп, Өкмөт тарабынан кандай жардам керектиги боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө комбинаттын жетекчили тарабынан Кытай Республикасынын Лишуй шаарындагы ТОО “Чжунген тоо кен өөнүктүрүү” компаниясы менен 2016-жылдын 28-июлунда эки тараптуу кызматташтык меморандумга кол коюлган. Ошондой эле 2016-жылдын 18- августунда эки тараптуу келишимге кол коюуга жетишкен. Келишим боюнча 793 миң 845 АКШ долларга  8 жүк ташуучу автоунаалар менен камсыз кылууга, 46 миң долларга комбинаттын химиялык лабороторияларын оңдоого акча каражатын жана 1 млн 818 миң долларга кичи завод жана анын тетиктерин алып келүү менен, кубаттуулугу күнүнө 500 тонна руданы кайра иштетип, 20 тонна даяр өнөр-жай продукциясын иштеп чыгуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев келечекте эки тараптуу келишим ишке ашса, токтоп калган ишкана кайра жанданып курамунда 99% сурьма болгон таза продукцияны алууга, мурда калган 400 тонна таштандыны кытай технологиясы менен кайра иштетип тазалоого жана облустун өнөр-жайын мындан ары өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн белгиледи.

fakt.kg

Тема боюнча:  Биометрикалык паспортторду банктар жаратпай жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful