Templates by BIGtheme NET

“Афганистанда бычактын мизинде жашап жүрдүк”

%d0%be%d0%b1%d0%be%d0%bdАалам кезген кыргыздын баласы кайсы гана өлкөлөрдө мигрант болуп жүрбөдү, азыр да жүрүшөт. Ал гана эмес, көзүбүзгө ок арасында жүргөндөй эле элес калган Афганистанга да акча табам деп барып, иштеп келишкен жаш үй-бүлө  Төлөн менен Элзаттын андагы окуялары абдан эле кызык экен. Окурманды да кайдыгер калтырбайт деген ойдо Элзатты  кепке тарттык.

-Уккан кишинин эле  үрөйүн учурган  Афганистанга кандайча барып калдыңар?

-Кепти анда башынан баштасак, мен өзүм Ак-Талаанын кызымын. Кочкорлук жигитке турмушка чыкканмын. Экөөбүз тең борбордон жогорку билим алып, улуу максаттарыбыз болгон менен ата-энебизди кароо милдети тургандыктан эч жакка  кылчактай албадык. Айылга барып, кадимки келиндердин бүтпөгөн түйшүктөрү менен жүрдүм. Болгондо  да Кочкордун четиндеги ээн жердеги  сарайда мал багып, уй саап… Айтор жаңы барганда кадимки эле “ Боз — Салкын” киносундагыдай турмушту баштан өткөрдүм.

-Эмне, кайната-кайненеңдер малчы беле?

-Жо-ок, кайнатам мугалим, айылдын  абройлуу  инсаны, кезинде РайОнону жетектеген киши экен. Пенсия жашына барып калгандыктан, Кочкордун четине  атайын  көлмөлөрдү жасап  балык кармаган чарба уюштуруп алыптыр. Ошол себептен айыл четинде сарайда жүрбөйбүзбү, колумдан келишинче кайнене-кайнатама жардам берчүмүн. Бирок жашоо деген жашоо экен, жолдошумдун өзүнөн кичүү дагы бир туугандары бар, биз да өзүнчө түтүн  булатып  жашашыбыз керек. Ал ортодо бир балалуу болдук, биринчи балам 1  жашта, боюмдагысы  6 айлык. Бир күнү чечкиндүү бир ойго келдим. Эгер биз Кыргызстанда ушинтип жүрө берсек, баары бир өзүбүздү — өзүбүз эптей албайбыз. Четке  чыгыш үчүн, тил билиш зарыл деп ойлодум. Ошол күндөн тарта басып-туруп күнүнө 10 сөздөн англис тилин жаттап баштадым. Күндөрдүн биринде айылга Америкадан Ханна Хемилия деген волонтер келип, айылдыктарды англисче бекер  окутуп калды. Жолдошумдун колдоосу менен  убакыт таап окууга туура келди. Себеби андан башка жол жок болчу. Канча эмгек кылсаң, Кудай ошонун үзүрүн эртеби-кечпи кайрып берет тура. Акыры мен күткөн күн да келди. Бир күнү эле Канадада жашаган жолдошумдун агасы Афганистанда  жумуш бар экендигин айтып калды. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек эле. Туугандардын каршы болгонуна, кайгырганына карабастан кандуу Афган жергесине акча таап келиш үчүн жолдошум кетти. Келеби, келбейби деген коркунуч, ар кандай ойлорго чулганып кала бердим. Эки баламды ата-энеме калтырып борборго барып мен дагы иштөөгө туура келди. Чынында жашаганга үйүбүз да жок, жумушубуз да жок балдарды кантип багабыз деген суроо менен жашап калгам. Ошончо кыйынчылык күндөрдөн соң, Алла Таала өзүнүн ыраазычылыгын чачтыбы, айтор ишибиз жүрүшүп, эки жылдан берки окуган үйрөнгөн тилдин пайдасы тийип, мен дагы Кабулга барып иштеп  калдым. Ошентип бул жактан Дубайга учтум. Дубайдан Кабулга.

-Коё тур, ушул жерден бир кызык, Кабулга учуп баратып, самолёттон сен кимдерди көрдүң, кимдер менен бирге учтуң? Дегеле бул жактан кетип жатып эмнелерди ойлодуң?

-Кыргыз кездешкен жок, жалаң башка улуттагы эркектер, анан бир-эки аял. Алар деле көзүнөн башка жери көрүнбөгөн кара чүмбөт кийишкен  аялдар. Бул жактан баратып, башыбызда жалаң тобокелчилик ойлор эле. Эки баламды апама таштап коюп баратыш эле эне үчүн кандай оор экенин билесиз да. Көкүрөгүм зыркырап, көзүмдө  жаш айланып турду. Анын үстүнө жакындарыбыз да “аман-соо” келгиле дешип эле, согушка  кетип бараткансып   узатышты. Афганистан десе бардыгы эле ошентсе керек.

Тема боюнча:  3 саатта 2 миң евро тапкан 19 жаштагы Кыргызстандык модель

-Дубайдан ары канча саат учтуңар?

-2, 5 саат учтук. Болбосо эгер Кабулга Бишкектен түз самолёт болсо, 45 мүнөттө  эле жетип  барсак да болот экен.

-Ии, эми Кабулдагы аэропортко түштүң, жолдошуң тосуп алды да ?

-Жок,  мени Мустафа деген афган бала тосуп алды. Өмүрүмдө чет жерге чыкпаган жаным, корккон коёндой болуп, элеңдеп ары-бери жагымды карасам, аты-жөнүмдү  англисче  жазып алып, табло көтөргөн чачы ийнине жеткен өскүлөң, жаш жигит туруптур. Эмнегедир эле тосуп алган сакалчан  киши болот го,- деп ойлогом, сакалы жок экен.

-Аа баса, ошол мезгилде кайсы мезгил эле?

— Кыргызстанда март айы болсо да кар бар болчу, Дубайда жай, Кабулга барганыбызда жаз экен. Мустафа брондолгон чоң  Джип машинеси менен мени Кабул шаарын карай алып жөнөдү. Айлана-чөйрөмдү карап коём. Даана  ага чейин кинолордо көргөн көрүнүш, Бишкектин айрым жерлеринде да “хрущевка”кабат үйлөр бар эмеспи, Кабулда да ошондой  кабат үйлөр бар экен, айланамдан жашыл нерсе көрүнгөн жок, боппоз талаа-дөңсөөлөр, жылаңаяк басып бараткан бала, автомат асынган эле эркек кишилер, аялдар да көчөдө  аз көрүндү. Көрүнсө да, баары чүмбөттөлүп  алышкан  аялзаттары…

-Баарынан  да  жолдошуң күтүп жаткан отелге жеткенче кызык ахыбалда болсоң керек ?

-Ии, аны айтпаңыз эже. Отелге жеткенибизде адегенде эле биринчи дарбаза ачылды, тегерек-четиңде бүт автоматчандар, кызыгы ошондой дарбазадан беш-алтоосунан өттүк, улам биринин артынан бири ачылып, “боевик” кинодогудай. Болгондо да автоматчандар дал маңдайыңда автоматын жөн эле асынбай, көзөп турушат экен, кокус эле шектүү кыймылың же шектүү  бир нерсең жаныңдан чыккыдай болсо  “тарс” эле атып салчудай. Ошентип беш-алты дарбазадан өткөндөн кийин кыргыздар көзүмө  уруна баштады, кыргыздарды көргөндө барып, бетинен өөп-өөп алгым келди. Жолдошума жолуккандагы абалды айтпай эле коёйун, ал да  айрыкча, мени зарыгып күтсө керек.

-Отелде кайсы улуттар бар эле ?

-Британ, Америка, Шри-Ланкадан келишкендер. Алардын да ушунчалык адамгерчиликтүү мамилесин көргөндө ичиң жылыйт экен. Жолдошум экөөбүзгө атайын бир комнат бөлмө беришти. Сыртта Афганистан болгон менен отелдин ичине киргенде Америкага келгендей боло түшөт экенсиң.

-Ал жердегилер эмне жумуш аткарышат экен?

-Ар кандай компаниялар бар, Афганистан  мамлекети менен келишим түзүп, иштеп жатышкандар. Көбүнчө аскерий жактан билим-сабат үйрөткөндөр да бар. Ошол күндөн тартып, бычак мизинде жүргөндөй иштеп жүрсөк  да кызыктуу, шаңдуу күндөр өтүп жатты. А бирок көңүлдө баары бир бир коркунуч жашайт.

-Баса, коргонуу үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

-Отелдин айланасы бүт коргондолуп  тосулган, иштеп жаткан жерлерибизде кокус жардыруу болсо деп, бункерлер орнотулган. Жардыруу болгон учурда бункерге түшө качасың.

-Сен эмне иш аткардың ?

-Мен сатуучу, кассир. Айтор ушундай жумуштарды аткардым. Көпчүлүк ойлошот, мигрант болуп, чет өлкөгө баргандын баары эле пол жууп, же кароолдук кылып  деп, жок ал жердеги кыргыздардын баары билим-сабатты талап кылган жакшы жерлерде  иштейт эле, жолдошум IT менеджер  болуп иштеди.

Тема боюнча:  Тайырбек Сарпашев: “Мени кызматтан кетирүү Бабановдун кыялы”

-Отелдин ичи Америкадай деп жатасың, тамак-ашы кандай экен ?

-Тамактанганга барганда абдан  кызык абалда калгам, бул дүйнөнүн дүр-дүйүмүн  жыйнап алып барып койгондой, салат деген жерине барсаң, салаттын түрү, тамак деген жерине барсаң тамактын кыл-кылы, кымбат баалуу деңиз тамактарын, лобстер, кызыл балыкты күндө беришчү. Мөмө-жемиштин түркүнү. Балмуздактын да ар башка даамы бар.Тамактардан көзүм жайнап, ушунча ырыскы берген Алла-Таалага шүгүрчүлүк келтиргенмин.

-Америкалык, британиялыктардан сырткары да афган улутундагылар менен да достук мамиле түзө  алдыңарбы?

-Аниса деген сырдаш курбума айланган афган аялзаты бар эле. Аларда деле меймандостук бар экен. Нооруз майрамын “биздин Жаңы жыл” дешип, өзгөчө тосушат. Афганистанды орустар ракета менен бомбалаган мезгилде Анисанын ата-энеси каза болуп калган экен, ал 9 жашында калыптыр. Аларда кыздарды эртерээк турмушка бербесе, талибандан алып кетишет деп коркушкандан улам, 16 жашында эле турмушка чыгыптыр.

-Афган аялзаттарынын эркиндиги тууралуу “Ашк” деген кино көргөн элем, анда эмнегедир Афганистанда аялзатынын сүйүүсү  ар дайым көмүскөдө калаарын баяндаган эле? Дегеле Аниса өзү сүйгөн жигитке турмушка чыгыптырбы  же?

-Ал күйөөсүн өзгөчө сүйөөрүн, жакшы көрөөрүн айтып, күйөөсү тууралуу оозунан түшүрчү эмес. Экөөсүнүн ортосунда Аниса 35 жашка чыкканчакты эле  5 уулу бар.

-Аларда уул баркы, кыз баркы жөнүндө түшүнүктөр кандай экен ?

-Уулду көбүрөөк жактырышат го, себеби  кыздардын жашоосу бир топ кооптуу, тагдырлары ар кандай болгонунан улам, айрыкча талибандардан коркушуп да эркек төрөлүшүн каалашат экен.

-Көчөдө жылаңбаш чыккан учурларыңар болдубу?

-Жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Кабулда 2015-жылы Фаркунда деген аялзаты куранды тепселеди деген жалаа менен таш бараңга алынбады беле, айрыкча ошол учурда чачыбыз саксайып көчөгө чыгыш деген бул өтө эле опурталдуу болчу.

-Ал жактын  көчөлөрүндө эркектерин тике багып караган аялзатын көрө алдыңбы?

-Тике багып кароо түгүл, мойнуңду буруп, кыйшайып кароодон жалтанасың.

-Отелден сыртка канча убакытта  бир чыгаар элеңер ?

Зарыл иштерибиз болгондо гана. Кыргызстандын посолдугуна барганыбызда, ии баса ошол жактан парламенттик шайлоо учурунда дагы кыргыздар  өз добуштарын беришкен. Бир жолу Американын посолдугуна бардык, ошондо куралданган адамдар, танкаларды көрүп мен чыныгы Афганистанда жүргөнүбүздү жүрөк менен сезгем…

-Жалпысынан канча кыргыз бар эле?

Кыргыздар ар кайсы шаар-айылдарында болуп 1000дей болсо керек. Кандагарда, Хератта  аскерий базаларда иштеген кыргыздар бар экен. Биз барган жерде 7-8 кыргыз иштедик. Кызык жери бир да казакты, бир да өзбекти, айтор Орто  Азиядан барган бир да кыргыздан сырткары улутту көрө  албадык. Орустар бар, алар да Кыргызстандан барган орустар болчу. Мына ушундай жагдайды карап туруп, Кыргызстандагы экономикалык абалдын төмөндүгүн бир ойлосоң, экинчи жагынан кыргыз кыз-жигиттерибиздин билимдүүлүгүнө, тил билгилигине кубанасың. Өкүнүчтүүсү ошондой билимдүү-илимдүү кыз-жигиттерибиз мүмкүнчүлүктөрүн өз өлкөсүндө пайдаланбай мигрант болуп башка жакта жүргөндүгү. Мисалы менин жолдошум деле билими, тажрыйбасы боюнча өз өлкөсүнө  чоң  салымын кошо турган жигиттерден деп айта аламын. Ошентсе да, башка жерден тапкан  айлык маянаны Кыргызстандан таба  албай темселеп жүрдүк  да.

Тема боюнча:  "Сатып алуулар департаментинде коррупциялык мүмкүнчүлүктөр бар"

-Баса, эң кызыгы айлык-маянаны канчадан алып жүрдүңөр, жакшы төлөшсө керек?

Ооба, жакшы төлөчү. Бул жактан келип, үй алганга жарадык. Кичине оокат-ашыбызды ирдентип алдык дегендей.

-Аа, эмнеге кайра келе бердиңер ?

-Убагында, бала-чакабызды ойлоп каниет кылалы дедик, ансыз да ар бир баскан кадамыбызда “Жан кудайлап” жүрдүк  да. Кудай биздин жалыныч-тилегибизди кабыл кылды окшойт, анын үстүнө ата-энени ыраазы кылып, анан чет жерге кеткенибизден алардын  чын ниеттеги ак батасынан да деп ойлоймун. Кудайга шүгүр, аман-эсен келдик. Дал эле биз иштеген жерде, бизден кийин ар кандай окуялар болгонун угуп, тообо келтирдик.

-Кантип эле ушунча жыл Афганистанда  жүрүп бомба түшкөнүн же бир жардыруу болгонун уккан жоксуңар?

-Сыртта болсо болуп жатты, Кудай сактап, бул бизде болгон жок. Бир жолу бөлмөбүздө олтурганбыз, текчедеги буюмдар жерге түшүп эле, дубалдар болсо ары-бери айлан-көчөк болуп, 4 мүнөттөй убакыт жер силкинип туруп алды. Жүрөгүбүз түшүп сыртка айла жок качып чыктык. Көрсө ошондо Пакистанда 9 балл, Афганистанда  7,5 баллдык жер титирөө болгон экен…

-Баса, дин маселесине көз караш кандай эле?

— Биз отелде жүргөндө деле беш убак намаз окуп жүрчүбүз, ага шарттар да түзүлгөн. Ар ким өз диний ишениминде, эч ким эч кимге тоскоолдук кылчу эмес.

-Баса, Кабулдагы наристелердин көзү кандай экен? Бактылуубу, бактысызбы ?

-Кабулда деле өтө байлар да жашашат. Өтө байларынын  Лондондо, Дубайда үйлөрү бар. Ал эми кедейлери, айрыкча кедей үй-бүлөлөрдүн өтө жакырчылыкта жашагандардын балдары көздөрү жашылданып, жыңайлак баскан балдарын да көрүүгө болот. Жупуну кийинип, бирок колдорунда чеңгелдеп долларларды алып жүргөн байлары бар болчу. Айрыкча мына ушундай байлар колдоруна кымбат баалуу сааттарды тагынып жүргөндөрүнөн гана байкалат. Ал эми афган улуту колуна кааласа бычак, кааласа автомат алып жүрөт. Биз деле мындай көрүнүшкө акыркы мезгилде көндүм адат  катары кабыл алып калган болчубуз.

-Мисалы мектептерде окуган балдар бар дегендей?

— Албетте, Кабул шаары борбор  шаар. Анда мектеп, университет жана башка окуу жайлар да бар.

— Кандай болгон чакта да ар бир улуттун экинчи улутка деген кадыр-сыйы, жек көрүүсү, дегеле көз карашы болот эмеспи, афгандардын  кыргыз улутуна болгон көз караштары кандай эле ?

-Кызыгы, Афганистанда  азара деген миң уруудан тараган деген сөзгө маанилеш калк бар экен. Алардын өңү дал кыргыздыкындай. Бизди көбүнчө ошол азараларга окшоштуруп алышат эле. Саламдашканда “Хубасти, ту журасти” деп коёбуз, бул саламдашканды билдирет, анан алар бизди азаралар деп ойлошот. Окшоштук дегендей, Афганистанда да нан жапкан тандыр бар эле. Айрыкча Афгани палоо, булани, самуса жана кевобдору сонун даамдуу болчу.

-Афгандардын  башка улуттардан өзгөчөлүгү эмнеде экен?

— Алардын тайманбастыгы, эч кимге баш ийбестиги,  кылымдан-кылымга уланып келатыптыр. Алар эч кимге жеңилип бербептир.

obon.kg

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful