Templates by BIGtheme NET

“Жан дүйнөмдөгү төңкөрүштү сабыр менен жеңем”

А%d0%b3%d1%83%d0%bb%d0%b6%d0%b8%d0%b3%d0%b8%d1%82-%d1%81%d0%b0%d1%82%d1%8b%d0%b1%d0%b5%d0%ba%d0%be%d0%b2кыркы убакта Гүлжигит мырзанын артынан “үйлөнүптүр, балалуу болуптур” деген сөздөр айтылууда. Учурда өлкөнү кыдырып гастролдоп жүргөн ырчы менен баарлашып бул кептердин чын-төгүнүн билдик.

Туулган жылы, күнү – 1980-жыл, 9-январь
Туулган жери – Ош шаары
Билими – Ош педагогикалык институтунун педагогика факультетин бүтүргөн
Бою – 175 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уулу бар, учурда бойдок

– Гүлжигит мырза, саламатсызбы? Учурда гастролдоп жүрүптүрсүз. Концертиңиз кандай өтүп жатат?
– Сахнага чыкканыма 10 жыл болуптур, ушул жыл аралыгында элге сиңген ырларымды жандуу үн менен аткарып, “Карт бөрү”, “Беш тапан” куудулдар тобу менен концерт коюп жүрөбүз. Той-топурга чакыргандар да көп, баарына жетишкенге убакыт таап жатам. Ош шаарында 5 күн концерт бердик. Күйөрмандар жакшы тосуп алды, концерт жогорку деңгээлде өттү. Жалал-Абадда бир жума концерт берсек, жергиликтүү эл колдоп берди. Эми Баткен, Ысык-Көл, Бишкекке барабыз. Нарын менен Таласта концерт коюу планда бар, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

– Эмне кылганга азыркыга чейин эркиңиз жетпей жүрөт?
– Кыргыз маданиятын көтөргүм келет. Буга эрк эмес, мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат десем туура болот. Күйөрмандарым менден жаңычылдык күтүшөт. “Жаңы чыгармаларыңыз, клиптериңиз качан чыгат? Муңдуу чыгармаларды көбүрөөк жазыңызчы” деген күйөрмандарымдын суроо-талаптары көп. Чындыгында убакыттын жоктугунан көптөн бери клип тарта элек экенмин.

– Спорт менен машыкканга убакыт барбы?
– Спорт залга былтыр баргам. Быйыл ага да убакыт жок. Бирок эртең менен турганда көнүгүүлөрдү жасап турам.

– Орто курактагы кризиске кабылдыңыз беле?
– Бардык нерсени акылга салып жакшы нерсени ойлоп абалдан чыкса болот. Кыска өмүрдө кризисти четке кагып, позитив менен жашап, негативден алыс болуу керек. Жан дүйнөм жабыркаган учур болгон. Ал 3-4 жылга чейин созулган. Жан дүйнөмдөгү төңкөрүштү сабыр менен жеңгем. “Баары жакшы болот” деген илгери үмүт депрессиядан чыгарып кетти.

– Жан дүйнө оорусун көтөрө албай ичимдик менен достошуп кеткендер бар. Убактылуу болсо да кайгыны унутуш үчүн ал нерседен татып көрдүңүз беле?
– Жок, андай болгон эмес. Ичимдик күйүттү басыш үчүн эмес. Анын өз орду бар да. Таптакыр ичпейм деп айтпайм, акыл-эс менен ууртап койгон жерлер болот. Азыр эл көзүндөгү адам болгондон кийин сыртыңдан көпчүлүк карап турат. Артыңдагы жаштарга үлгү болуш керек.

– Тойго ырдаганы барсаңыз ал сүйлөшкөн кызыңыздын тою болуп чыкса эмне кылмаксыз?
– “Кош бол” деген ырымды ырдап келе бермекмин (күлүп). Анын ичинде айта тургандын баары бар. Чуркаган эмес, буюрган алат. Бирок андайдан Кудай сактасын.

– Сизди үйлөнүп, балалуу болду деп уктук…
– Мени үйлөнүп, балалуу болду деген сөздөрдүн баары калп. Жакшылыгыңды эл менен бөлүшкөнгө эмне жетсин? Ата-энеме, досторума сүйүнчүлөмөкмүн да. Түшүнгөнү-түшүнбөгөнү, билгени-билбегени деле ушак чыгарып жатышат. Угуп алып кээ бирине таң калсам, айрымына айласыз күлөм. Ушул күздө үйлөнөйүн дегем. Жасай турган жумуштарым бар болгондуктан той жылып кетти. Анын үстүнө сүткө оозуң күйсө айранды үйлөп ичип калат экенсиң.

– Демек, кандай жубай керек экенин түшүнүпсүз да?
– Баары эле жакшы адам менен кол кармашып өмүр сүргүсү келет. Мага өзүн сыйлаган, жөнөкөй жар керек. Бул жашоодо жаныңдын жарымын толуктаган адам менен жашасаң гана бактылуу болосуң. “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?” деген сөз бар. Өзүң ыймандуу болсоң, жубайың да ыймандуу болот.

– Жаш курагына келгендечи, жаш кызды тандайсызбы же орто курактагы кыздыбы?
– Нике кайыпка жараша болот. Эгер жаш кыз “тием” десе алам да (күлүп). Жаштын да жаштай түйшүгү болот. Бирок “алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты” деген сөз бар го. Бешенеме кимди насип кылса ошого баш байлайм.

– Маегиңизге рахмат!

super.kg

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful