Templates by BIGtheme NET

“Адамдык касиетиңди саткандан көрө өлгөнүң жакшы!”

 

Мындай билдирүүсүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Биз оңдобой беребиз.

%d1%81%d1%83%d0%b4

“Өткөн жумада мен иш сапары менен Финляндияда болдум. Ал жерде бардыгы адам үчүн жазалган. Ар бир ымыркайды бул өлкөдө ишенимдүү келечек кутуп турганы талашсыз. Анткени финдердин жашоо философиясы бул билимдүү балдар.
Ушак менен калптан чыкпаган элита балдардын келечегин ойлогонго кудурети жетеби? Алтындай убактысын президенттен баштап башкасына чейин чыр-чатакка, бөлүп-жарууга, оппоненттерин курулай каралоого коротсо биз финдердей өнүккөн өлкөнү кура алабызбы?

Мегаком боюнча үч депутаттын кызыкчылыгы жөнүндө тастыктоочу документтер алынды деп А.Сегизбаев жар салды. Ал документтер кандай пайда болгондугу жөнүндө парламенттин жыйынында айта албаптыр. Жарыя кылаардан мурун жок эле дегенде ал документтер качан, кандайча пайда болгонун тастыктап алыш керек эле. Ошондо коомчулукта бул фабрикация бийликтин эле колунан келди деген шек болбойт эле.

Бүгүн мындай шектенүүгө толук негиз бар:

  1. Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белизден келди делген апостиль менен күбөлөндүрүлгөн документке кол койгон Белиздин Жогорку Сотунун катчысы Эдмунд Оливер Пеннил документтин мазмунун эмес, аларга кол койгон Wrobel&Co компаниясынын адвокатынын гана колун тастыктаганын айткан.
  2. Вианни Солис – ошол Wrobel&Co компаниясынын өкүлү биз Кыргызстанга эч кандай документ жөнөткөн эмесбиз деп Азаттыка тастыктаган.

III. Документтеги ишенимдүү жак деп көрсөтүлгөн Avalon Consultants Limited Белиз Өкмөтүнүн финансы сервиси боюнча комиссиясы ал компаниянын лицензиясы жок жана ишенимге ээ боло албайт деп билдирген.

  1. ОПЕРТИВДИК МААЛЫМАТ ЭЧ КАЧАН ДАЛИЛ БОЛУП ЭСЕПТЕЛБЕЙТ. Муну сабатсыз юрист деле жакшы билет.

Тастыктоочу документ деп айтып жаткан кагазында ID – cardдагы маалымат колдонгон. Бирок бөлөк мамлекеттин жарандары менен болгон операцияларда биздин ички документ эч качан колдонулбайт.

Ошону дагы туура жазгандан эринишкен:
1) паспортумдун сериясы туура эмес көрсөтүлгөн;
2) туулган күнүм туура эмес көрсөтүлгөн;
3) англис тилиндеги жазылган фамилиям туура эмес көрсөтүлгөн;
4) атасынын аты паспорттордо англис тилинде жазылбайт. Ага карабастан одоно ката менен атамдын аты көрсөтүлгөн.

  1. Мен прокуратурага келгенде соттун кароосунда Мегаком боюнча кылмыш иши бар эле. Сот Максим Бакиевдерди күнөөлүү десе дагы, күнөөсү жок десе дагы, иш мамлекеттин пайдасына чечилмек эмес. Анткени прокуратура койгон күнөө боюнча Максим Бакиевдер Penvell деген компаниядан Мегакомдун 51% рейдерлик жолу менен басып алган. Жабырлануучу жак деп сот тарабынан МАМЛЕКЕТ ЭМЕС Penvell дин өкүлдөрү таанылган. Бул кылмыш ишинин жыйынтыгы менен мамлекет үчүн майнап чыкпасын билип, мен прокурорлордун багытын өзгөрттүм. Ошол убакта сотто ушул эле маселе боюнча 5 жарандык иш каралып жаткан. Менин көрсөтмөм менен прокурорлор бардык жарандык процесстерге түздөн- түз катышмай болушат. Ага чейин бир дагы жарандык иште прокурорлор катышкан эмес. Прокурорлордун чоң эмгегинин негизинде, жарандык иштердин жыйынтыгы менен кийин Елисеевге козголгон башка кылмыш ишинин алкагында Елисеевге жазылган Максим Бакиевдин Мегакомдогу 51 % акциясы 2013 жылы конфискация болгон.
Тема боюнча:  Анвар Артыков Жогорку Кеңештен китеп сатып алалбай жатканына нааразы

Муну эч ким тана албайт! Бул жумуш 12 чи жылдан баштап жазалган. Мегакомдо кызыкчылыгы бар адам дагы ушул жумушту жазайбы?

  1. Мегакомдун 49 эле % акциясы улутташтырылган деп бизди күнөөлөшүүдө. Улутташтыруу болгон кезде – 2010 жылы – мен юстиция министри, А.Шыкмаматов- Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, О.Текебаев – Убактылуу өкмөттүн экономикага тиешеси жок мүчөсү. Бул улутташтыруу маселесин чече турган кызматтарбы? Анда башкасы кайда жургон?

Тескерисинче,
– 2011чи ж. А.Атамбаевдин колу менен парламентке келген Өкмөттүн Мегакомдун 49 эле пайызын улутташтыруу жонундогу токтомун,
– Фергана.ру дагы Ф.Ниязовдун Мегакомдун 51% улутташтырылбайт деген сөзүн,
– парламентте А.Сегизбаевдин Саляновага чейинки Башкы прокурордун дагы эмгеги бар деп 16 ноябрда сүйлөгөн сөзүн эске алып, Penvell деген компанияга ким жан тартып, ага Мегакомдун 51% кайтарып берүүгө аракет жазаган, Салянова Башкы прокурор болуп келип кимдин планын бузган деген суроого Башкы прокуратура жооп издеши керек.

Мындан тышкары, ошол кезде Бакиевдерге иш козгоп, жоопко тартып жаткан адам дагы от менен ойноп чоң тобокелчиликке барып алар менен келишим түзөбү?

VII. Елисеевдин лицензиясы боюнча.

Елисеевдин токтотулуп турган лицензиясы бар болчу. Юстиция министрлиги лицензиясын жандандырып гана койгон. Мыйзам боюнча адам орукчал болсо же ага карата күнөөлүү деген соттун чечими чыккан болсо гана лицензия берилбейт. Ал лицензия аны жоопкерчиликтен бошотпойт, укук коргоо органдарына эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Укуктук өлкө Конституция менен жашашы керек. Сен кеткен бийликке жакындыгың бар экен деп мыйзамды буза турган болсок, анда эмнеге ошол эле Сегизбаев азыр Москвада Акаевдин жанында эмес, президент Атамбаевдин жанында жүрөт?

Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын Мегакомдо бир тыйындык акциялары жок экенин мамлекеттик органдар билбеши мүмкүн эмес. Алар мындай калпты өзүлөрүнүн демилгеси менен алып чыккандай эки башы жок. Демек калптын артында А.Атамбаев өзү турат.

Тема боюнча:  Абакта жаткан Төлөгөнов ооруканага жаткырылды

Эртең колундагы кагаздары жасалма экени тастыкталса А. Атамбаев өзү жооп бериши керек!

Бизге болгон чабуул бул саясый конкуренцияга туруштук бере албаган, оппоненттердин аргументтерине аргумент менен жооп кайтара албай бийликтин күчү менен жооп кайтарган абийирсиз бийликтин амалы.
Олко учун опурталдуу мезгилде ошол эле Сегизбаев менен Ниязов коркуп ун катпай отурушканда ачуу болсо дагы чындыкты айтып, президентке болгон тилегим таза эле. Аны А.Атамбаев билгиси келбесе, Кудайым билет!

Жолдошума жалган жалаа менен иш козготуп, кош бойлуу болуп турганымда менден оч алып, тынымсыз каралоо иштерине батасын берип атканда дагы, Атамбаевге карата ачуу сөз айткан эмесмин. Коркконумдан же аны сыйлаганымдан эмес. Адамды артынан жамандабаган болгон мүнөзүм ошо. Ага окшоп көзү жокто эмес, бетине айта турган сөз көп. Атамбаевчасынан улуу-кичуусуно карабай, аял-эркегине карабай, убал-соопко карабай сүйлөбөйм. Өсүп келе жаткан жаштарга уят эмес, үлгү болгум келет. Бийлик үчүн адамдык касиетиңди саткандан көрө өлгөнүң жакшы!”,- деп жазды Аида Салянова.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful