Templates by BIGtheme NET

“Жалал-Абад шаарынын тургундарынан канча айлансаң дагы аз”

 

“Биз шаардагы бир катар иштерди Жалал-Абад шаарынын тургундары колдоп-кубаттап турганы үчүн гана ишке ашыра алдык. Жалал-Абад шаарынын тургундарынан канча айлансаң аз, рахмат силерге!”, деди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардагы №8-мектепте өткөн шуур тургундары менен болгон жолугушууда.

dsc_0512

Шаар жетекчиси жыл аяктап баратканыдыгын эске алып, шаар тургундары, эмгек жамааттары менен болгон жолугушууларда аткарылган иштер, алдыдагы план дар тууралуу элге отчёт берип, шаар тургундарынын көйгөйлөрүн угуу менен 2017-жылга аткарылуучу иш-чараларды пландоо максатын койгон. Ал эми №8-орто мектебинде өткөн бүгүнкү жолугушууда шаар мэри 2015-2016-жылдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылганын, айрымдары жаңжалдарды пайда кылганын, бирок шаары тургундары жапырт шаар жетекчилигин колдогону себептүү шаар үчүн эң керектүү долбоорлор ишке ашырылганын моюнга алды.

dsc_0513

-Ленин көчөсүн кеңейтүүдө, борбордук стадионду реабилитацилоодо биз айрым тоскоолдуктарга кептелгенбиз. Бирок, шаар тургундары шаар жетекчилигин шаарды жакшыртуу ниеттерин колдоп кеткени үчүн бул ири долбоорлорду ишке ашыра алдык. Эгер жергиликтүү бийликтер элге таза, адилет иштеп берсе, аларды эл колдойт. Биз ушул багытта иштеп жатабыз, – деди ал жолугушуу учурунда.

Жолугуу маалында ага катышкан шаардыктар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер козголуп, шаар жетекчиси ал маселелерди саналуу күндөрдө чечиле турганын билдирди. Ал эми ири иш-чаралар кийинки жылдын планына киргизиле турган болду.

Шаардыктар шаар мэриясына ыраазылык билдиришип, элдин жашоосун, шаардык жакшыртуу ишинде аларга ийгиликтерди каалашты.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  «Абдыжапар» Ислам институтунуна жаңы ректор дайындалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful