Templates by BIGtheme NET

Бүгүнкү күндөгү жаштардын билимден алыстоосу, мамлекеттин эртеңки келечеги коркунучта экендигинен кабар берет

Изат Исаков,  президенттик стипендиянын ээси  Н.Исанов атындагы КМКТА университетинин архитектура факультетинин 5-курсунун студентти:

Биз жакында эле президенттик стипендияга татып, ажонун өз колунан мактоо баракчасын алган 61 студенттин бири келечекте Кыргызстанга көптөгөн салым кошсом деген аруу тилектери көкүрөгүндө кайнаган,  Изат Исаков менен маек курдук анда маекти сиздерге сунуштайлы:

4

Эмне себептен архитектура факультеттин тандап алдын эле?

.Кесип демекчи, ал адам жашоосундагы эң башкы жол. Өз кесибинин мыкты адиси болуп, ата-бабаларыбыз айтмакчы, адал эмгектен ырахат алып жашоо кандай бакыт. Бүгүнкү күндө социалдык проблемалар өтө көп. Мындай шартта, биринчи орунда өз кесибинин алдыңкысы болуу эмес, акча маселеси тургандыгы чын. Антсе да талбаган эмгегинин натыйжасында баар таап, “Ар бир кесип ардактуу” экендигин далилдеген адамдар да жок эмес.  Aр бир киши кичинекейинен баштап эле чоңойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалаң гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат эмеспи. Мен дагы ойлогон ой максатымды ишке ашыруу учун, 2012 жылы борбор калаага келип, балалыктан бери көксөгөн окуумдун жана окуу жайымдын астанасын аттагам, ал кесип архитектура анткени жаш кезимден кыялдарым архитектураны эңсечү архитектор болууну самачум, ошол үчүн тандап алдым десем жаңылышпайм.

1

Мыкты студентте мыкты кыялдар болуусу зарыл, сенин кыялың келечекке болгон пландарың?

Бул  дүйнөгө  жаралган ар бир адамда кыял болсо керек. Бирок, ар биринде максат болот деп айтуудан алысмын. Ырас Жараткан ар бир инсанга бул жашоону тартуу кылдыбы, демек, ар бирибиз татыктуу жашап өтүүгө милдеттүүбүз. Кандай гана кырдаал болбосун, алдыга максат коюп жана алардын ишке ашышы үчүн  алдыга умтулуп, ар дайым, ар кандай учурда адамдык асыл сапаттарды жоготпой, адам боюнча калыш керек деген ойдомун. Менин негизги максатым- аз да болсо кыргыз деп соккон жүрөгүмдү, эмгегимди ,кырчындай жаштык курагымды элим үчүн арнап, журтум учун ак кызмат кылсам деген үмүтүм бар.

2

Президенттик стипендияга татуу оңой эмес, атаандаштык кандай болду, жеңип чыгуу оңойго турбаса керек?

Албетте атаандаштык болмоюнча ийгилик жаралбайт, атаандаштыкка бекем туруп өзүңдүн максатыңа бет алуу да оңой иш эмес. Окуу жайда атаандаштар көп эле болду, ошого карабастан өзүбүздүн дараметтин болушунча аракет жасап ийгилик биз жака жылмайды десем туура болчудай.

3

Президенттин колунан сыйлык алууда кандай сезимдер болду?

Эч кандай сезим болгон жок, жөн гана өзүмдүн коомго жана мамлекетке керектүү адам катары эсептеп олтурдум ошону менен бирге ата -энем досторум санаалаштарым менден мындан кийин көп нерсе күтөөрүн ойлоп отурдум. Бул жетишкендик башталышы жана сенин кыялын ушул менен токтобойт деген сынары өзүмө өзүм дем берип жаттым .Бүгүнкү мен алып жаткан дегеле бүткүл студенттер алып жаткан билим мамлекетке өзүнүн зор салымын кошуп улуу дөөлөттүн учугу уланат деген үмүт менен кыялдын кушун жогору көтөрүп дагы чоң максаттарды алдыма койдум. Буйруса ушул максаттардын  үстүнөн иштейбиз.  

Акыркы убакта билим алган студенттер азайып, акча алган мугалимдер көбөйдү деген пикир айтылууда. Азыркы учурда студенттер арасында билимдин деңгели кандай?

бүгүнкү күндө билим берүү системасын бир жолго түшпөй жатканынын себебинен мамлекетибиз жогорку деңгелге чыгалбай профессионал кадрларга суусап жатканы талашсыз маселе. Мугалим акча алат деп бир тараптуу күнөөлөгүм келбейт. Айлык акы аз болсо жашоо шарт оор болсо менимче мугалимдер алганга мажбур болот. Бүгүнкү күндөгү  жаштардын билимден алыстоосу мамлекеттин эртеңки келечеги коркунучта экендигинен кабар берет. Так чечкиндүү  чараларды коруп билим берүү системасын бир багытка буруу бүгүнкү биздин бийлик төбөлдөрүнүн иши, ошону менен бирге ар бирибиздин салымыбыз кошулуусу абзел .Биз бир атанын балдарындай бир муштумдай түйүлүп жүрөктүн кагышы секунд сайын кыргыз,  кыргыз улутум, деп турушу зарыл  улут  болмоюнча кыялдагы Кыргызстанды  элестетүү кыйын. Мен кыялымдагы Кыргызстанга салым кошоорума ишенем.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful