Бишкекте эс-тутумун жоготкон адамды маршруттук таксинин айдоочусу 30-октябрь күнү Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен таап алганын “Азаттык” радиосуна кабарлаган.
“Аты-жөнүн Тимур Cыдыков деп жатат. Башка эч нерсени эстей албайт. Эгер сүрөтүнөн туугандары тааныса, мага байланышса болот” – дейт шаар тургуну.
Эч нерсе эстей албай жаткан адам болжол менен 30-35 жаштарда. Таанып-билгендер 0703 60-00-51 номуруна – Нурлан Ордобаевге байланышса болот.
fakt.kg