Templates by BIGtheme NET

Депутаттар элдин ден-соолугуна кабатыр

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны жүрүп жатат. “Ар кандай маселелер” бөлүгүндө депутаттар элдин ден-соолугуна байланыштуу маселелерди көтөрдү. Депутат Жыргалбек Калмаматов коомчулукта кургак учук менен ооругандардын саны арбып баратканына кабатырланды. Ал түрмөлөрдөн жазасын өтөп чыккандардын көпчүлүгү кургак учук менен оорушат. Алар эркиндикке чыкканда коомчулук менен аралашып, кургак учук байма-бай жайылып жатканын айтты.

ЖК

Андан сырткары депутат Улукбек Ормонов эл арасында бөйрөк, боор оорулары менен ооругандар көбөйүп баратканын кабарлады. Депутаттын пикиринде, республикалык бюджеттен жарандардын саламаттыгын сактоого деп каралган 70 миллион сомдун ордуна, жылына 10 миллион сом гана каралып жатат. Анын кесепетинен, тиешелүү жабдуулар, дары-дармектер алынбай, бир топ адамдар өмүрү менен кош айтышып кетүүдө.

Музаффар Исаков өлкөнүн түштүк регионунда бөйрөк оорусу боюнча болгону 4 гана диализ аппараты бар экенин айтып, алардын санын дагы көбөйтүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

Ош облусунун Өзгөн районундагы оорукананын терапия, төрөт бөлүмдөрү 1960-жылдары фин тибиндеги курулуш менен курулган. Бүгүн бул имараттар эскилиги жетип, шыбынан тамчы таап турат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Курманкул Зулушев 2017-жылдын бюджетине аталган бөлүмдөргө жаңы имарат куруу маселесин киргизүүнү сунуш кылды.Ош облусундагы облустар аралык ооруканада балдар онкологиясы бөлүмү ачылган. Бирок бүгүнкү күндө бул бөлүмдүн тиешелүү лабораториясы, кадрлары жок, борбор калаадан телефон аркылуу консультациялар берилип келет. Мындай маалыматты ортого салган депутат Альфия Самигулина аталган көйгөйгө көңүл бурууну Өкмөткө, тиешелүү министрликке багыттады.

Гемодиализ тартыштыгы көйгөйүн депутат Тазабек Икрамов дагы улап, бөйрөк оорулуулардын башкы маселесине айланган бул жабдууну сатып алууга кошумча каражатты аткаруу бийлиги табышы керек дейт.

fakt.kg

Тема боюнча:  Албекти урушсам, Бишкектен ким мага добуш алып берет...

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful