Templates by BIGtheme NET

Конституциянын түп нускасынын жоголуп кетүүсүнө ким жооп берет?

Жогорку Кеңештин 19-октябрындагы жыйынында Конституциянын түп нускасы табылбай жаткандыгы маалым болду. Бул маселе депутаттарды кыйла талаш тартышка салды, айрым депутаттар жаңы Конституция жазыш керек дешсе, дагы бирлери комиссия түзүп, аны аныкташ керектигин айтышты. Биз айрым журналисттерге байланышып, “Түп нусканын жоголуп кетүүсүнө ким жоопкерчилик алышы керек, деги эле түп нускасы табылбай жатса, аны өзгөртүү канчалык мыйзамдуу?” – деген суроо салдык.

Семетей Талас уулу, журналист: ““Эркин Тоо” газетасына чыккан Конституция түп нуска болуп эсептелет”

семетей

Эзели китеп окубаган кыргыз Конституция деп бакырса, коңшу-колоттор ойлойт экен да “булар иттей грамотный эл экен” деп.  Турган турпаты менен Карл Маркстын Капиталын элестеткен ал китепти бу ФБ билермандары эмес, Атамбаевдин юристтери деле кыйратып окуп чыгышпаптыр, себеби, текебаевчилердин чабуулуна мурда эле жооп бермек. Эми шылдың болуп, карайлап Башмыйзамдын түп нускасын издеп атабыз. Чындыгында “Эркин Тоо” газетасына чыккан Конституция түп нуска болуп эсептелет. Эгерде “Эркин тоо” газетасына чыккан Башмыйзам менен китеп болуп чыккан Башмыйзамда айырма боло турган болсо, анда ошол айырманы жасагандар кылмыш жообуна тартылыш керек, ким болбосун! Эгер айырма чыккан болсо ошол Констуцияга багытталып аткарылган мамлекеттик иштер мыйзамдуубу деген да суроо жаралат. Анан бул чындыгында тамаша маселе эмес. Конституцияны окубаганыбыз, ага олуттуу мамиле жасабаганыбыз, калп эле, каракүчкө кимдир-бирөөнүн саясаты үчүн жер сабап отурганыбыз билинип калат. Күнөөлүү ким болсо дагы жоопко тартылсын, ал Атамбаев, ал Текебаев, ал Машаяктын баласы болсо дагы!

Мен ошол гезитке жарыяланган түп нуска менен азыркы биз китепканадан сатып алып окуп жүргөн “Конституция 2010” салыштырылсын деген ойду айтып жатам. Эгерде өзгөрүү жок болсо, андан кийинки маселеге өтүш керек, референдум болсун, болбосун деген. Бирок, элибиздин каада-салтына туура келбеген бир жыныстуу никеге макулдук жана кайсы бир улуттун саны 1 миллиондон ашса аларга автономия берилиш керек деген “иттин өлүгү” көмүлгөн беренелер өзгөртүлүшү керек. Ал эми саясий жагы президент, премьер, спикердин укуктарынын чоңойтуп-кичирейтилиши мени ныпым кызыктырбайт.

Тема боюнча:  "Индира Жолдубаева кызматынан кетпейт"

Тынчтык Алтымышев, журналист: “Тилекке каршы, президенттик аппаратка баары бир”

%d1%82%d1%8b%d0%bd%d1%87%d1%82%d1%8b%d0%ba

Мен сыйлаган юрист Клара Сооронкулова Конституциянын түп нускасы болуп, “Эркин тоо” гезитине жарыяланган варианты эсептелет деп айтты. Ал эми ага чейинки убактылуу өкмөт макулдашып, Конституциялык кенешме кабыл алган долбоору архивде деп атышат. Менимче, ушул экөө бири-бирине төп келсе эле болду, мындан трагедия издеп кереги жок. Эгер биз башынан мыйзамды туу туткан, мыйзам менен жашаган, укуктук мамлекет болсок бир жөн, ар бир үч, беш жылда Конституцияны тытмалай берген өлкөдө ушундай эле болмок… Айтайын дегеним, кеп анын түп нускасынын табылып-табылбашында эмес, кутурган иттей шашмалап Конституцияны өзгөртүүгө  бийликтин аракет кылып жатканы, бирок, ушул шашып кабыл алган Конституция референдумда кабыл алынган соң бир жыл бою “уктатылып” 2017-жылдын аягында араң ишке кирет деп жатканы чындап эле азыркы бир ууч топтун кызыкчылыктары катылып жатканынан кабар берет. Ал эми түп нуска боюнча, атайын иш козгоп, бир сыйра тергеп-тескеп койсок болот эле, тилекке каршы, президенттик аппаратка баары бир эч бир органдын тиши өтпөгөн соң, аны издеп азырынча пайдасыз го дейм…

Эрнис Кыязов, журналист: “Түп нускасы жок болсо, нени кантип өзгөрткөнү жатышат?”

Кыязов

Конституциянын  түп нускасы жоголуп кетиптир, анысы аз келгенсип, жок нерсени өзгөртөбүз деп атат. Түп нускасы жок болсо, нени кантип өзгөрткөнү жатышат? Жоголуп кеткени чын болсо буга кимдир бироөө жоопкерчиликтүү  болушу керек да!?

Эми “ойлойм” деген башка, так юридикалык “мобу жооп бериш керек” деген юридикалык ченем башка да. Ошол юридикалык жагын билбейт экем.  А моралдык жагынан конституциянын гарантымын деген киши “эй конституциям ордунда турабы” деп киргенде чыкканда карап коюшу керекпи дейм да….

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful