Templates by BIGtheme NET

Биринчи никеңдин талагын албай туруп, экинчи күйөөгө чыкса эмне болот?

Атактуу аалым Чубак ажы Жалиловго суроолоруңуздарды SMS же Whatsapp аркылуу 0773-61-54-87 номуруна жибериңиздер! Эскертүү: аталган номур Чубак ажыныкы эмес

1) Аткезчилик менен жер-жемиштерди алып-сатып иштесе болобу?

Кайсы бир м2амлекеттин жараны колунан келишинче өзү жашаган мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоого жана аны аткарууга аракеттенүүсү абзел. Бирок, кээде ал мыйзамдар аткарууга жарамсыз болуп, карапайым элдин жашоосунан ат чабым алыс, пайдасыз, а кээде зыяндуу да болуп калат. Бул учурда ал мыйзамдарды өзгөртүүгө аракет жасалуусу милдеттүү.

Шариатка ылайык келген, адамгерчилик маңыздарына каршы келбеген, жалпынын ден-соолугуна коопсуз буюм-тайымдарды ташууга жана сатууга, жетпеген жерге жетиштүү жерден жеткирүүгө, туура келген товарларды сатып алууга мүмкүн болушу керек.

2) 3 кызыбыз менен батирде жашайбыз. Жолдошум Кытайга барып иштейм деп жатат. Менин уруксатым менен барышы керекпи, же аялын нараазы кылып кете берсе болобу?

Кеңешип кескен бармак оорубайт. Адатта, эркектин милдети үй-бүлөнү багуу. Аны багуу үчүн ал жердин түбүнө да болсо барып иштесе болот. Эгерде сыртта төрт айдан ашык иштесе, аялдын каршылык көрсөтүүгө укугу бар. А эгерде, ар бир төрт айда келип-кете турган болсо, анда каршылык көрсөтүүсү туура эмес болуп калат. Албетте, мунун баары алар жашаган жерде ырыскы табуунун булактары азайып, кыйын болуп калган кезде болот.

3) Даараткана тазалоонун соопторун кенен айтып бериңизчи, устаз?

Тазалык ыймандын бир бөлүгү. Тазалык ыймандын жарымы деп да айтылат. Эми ушул кепти кенен кылып түшүнүп алуу сенин вазыйпаң.

4) Даарат биринчи алынабы, же гусулбу?

Тартиби боюнча адегенде даарат алып, андан соң гусул алынат. А бирок, гусулдан кийин даарат алынып калса деле жарай берет. Гусул алынып, даарат алынбай калса деле ошол гусул даарат ордуна өтө берет. Жуунуп адам сууга чумкуса, андан соң колу менен башын сылап масх тартса, мына ошонусу гусулга да, дааратка да жарай берет. Болгону оозу менен мурдун чайкап алуусу керек болот.

Окшош материалдар:  Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кетти (Видео)

5) Ортого акча коюп, волейбол ойношсо, бирок мен акча үчүн эмес, ден-соолукту чыңдоо үчүн ойносом болобу? Ойногондо акчаны кантип койсок адал болот?

Ортого акча коюп ойногон кумар болуп эсептелет. Кумар оюндарын ойногон күнөө болуп эсептелет. Ага шериктеш болгон дагы жакшы эмес. Ойногондо акча койбой ойносоңор, же байге акчаны ойнобогон үчүнчү тарап бере турган болсо, ойногонго болот. Болбосо болбойт.

6) Карызы жана кредити бар адам дааватка чыкса болобу?

Кредит алуу арам. Андан тезирээк кутулуу керек. Ал эми карызы бар адамдын карызын төлөй турган орду бар болсо, анда даават өз ордунда, карыз өз ордунда кете берет. Карыздын орду жок болсо, анда карызын төлөөгө аракеттенип, аны төлөп, андан соң чыкканы макул.

7) Даараты бар учурда маасыны чечип, кайра кийген адам кийин дааратын жаңылаганда бутун да сөзсүз жууш керекпи?

Даарат алып, маасысына масх тарта электе, даараты бузула электе маасысын чечип, кайра кийген адам дааратын жаңылаганда бутун сөзсүз жууштун кажети жок. Маасыга масх тартып койсо жетиштүү болот.

Ал эми, даарат алып, маасысына масх тарткандан кийин бутун чечип кайра кийсе, кийин дааратын жаңылаганда, бутун сөзсүз жууганга туура келет.

8) Атам даават жолуна түшкөнүнө 10 жыл болуп калды. Башында, ичпей-чекпей калганына кубанып жүргөнбүз. Азыр болсо үй-бүлөнү каржылоо дегенди унутуп баратат. Апамдын тапканын кайра мечитке, дааватчыларга ташыйт. Биздин окуубузга да акча төлөбөй калды. Апам атамдын терс кылыктарын бизден жашырып жүрүп, жүрөк оорулуу болду. Азыр эмне кылышыбызды билбейбиз.

Окшош материалдар:  Милици кызматкерлери медалдар менен сыйланышты (Фото)

Бул маселе боюнча муфтияттагы даават бөлүмүнө кайрылып көрүңүз. Алар ал киши менен профилактикалык иш-чараларды өткөрүшөт. Албетте анын кылганы туура эмес.

9) Жубайыма телефондо 3 талак деп айтканмын. Ал учурда бир балабыз бар эле. Бирок азыр жашап жатабыз, экинчи балабыз да жарык дүйнөгө келген. Кээде “кете бер”, “жогол” деген сөздөрдү да айтып калам. Бирок азыр жакшы эле жашап жатабыз.

 

Талак маселесинде жубайлар менен чогуу укканда гана туура, же туурага жакын жооп чыгат.

10) Москвада иштейм, иштеген жеримде жоолук салындырбайт, намаз окуттурбайт. Жумушта жоолугумду чечип коём. Мындай кылганым акыретиме зыянын тийгизбейби?

Жалаң аялдар иштесе, жылаңбаш болсоң зыяны тийбейт. Ал эми намазды таптакыр калтырууга болбойт. Жок эле дегенде парздарды калтырбай оку.

11) Садаганы кимге, качан, кандай шартта бериш керек?

Качан колунан келсе, ким каалаганга берсе боло берет.

 

12) Биринчи никеңдин талагын албай туруп, экинчи күйөөгө чыкса эмне болот?

Экинчи күйөө менен жашаган жашоосу зына болуп эсептеле берет.

13) Тууганыбыздын эжеси өлүп-тирилген экен. Рухтар менен сүйлөшөм дейт. Кыскасы адам көрөт. Ага кайрылып турабыз. Күнөө эмеспи?

Өлүп-тирилген деген болбойт. Ал жалганчы. Ал жин-шайтандар менен сүйлөшөт. Ага кайрылган күнөө. Ыймандан чыгарат.

14) Эжем биринчи никесинин талагын албай туруп, азыр экинчи адам менен жарандык никеде жашап жатат. Боюнда бар. Бул канчалык күнөө, акыретте азабы кандай? Никесиз төрөлгөн балдар жөнүндө кенен айтып берсеңиз?

Окшош материалдар:  Ырчы Анжелика мүрзөдө табылган сүрөтү боюнча жооп берди

Балада күнөө жок. Ага жакшы тарбия берүү керек. Ал эми тигилердин жашоосу арам.

15) Мага сөйкө салып, бата кылып кетишкен. Тойго чейин бала менен жакшы нерселерди сүйлөшүп турсак болобу?

Жок. Тойдон кийин каалаганча сүйлөш. Анткени тойдун болуусуна эч ким кепилдик бералбайт.

Макала Саресеп гезитинен алынып, кыскартылып берилди.

fakt.kg

2 Прикирлер

  1. Ассалоому алейкум,мен Чубак ажы менен кантип байланышсам болот. Ото маанилуу суроом бар эле,ошону чечип берсе жакшы болмок турмуш маселеси боюнча.

  2. Мен ажырашкам куйом жообумбу бербей журот мен нечен ирет сурагам мен саша жообунду бербейм дейт турмушка чыксам куно болобу?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful