Templates by BIGtheme NET

Кыргызстан БУУда ГЭСтерди куруу маселесин көтөрдү

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда 2025-жылы мөңгүнүн көлөмү 30-40 пайызга азаяры эсептелип чыкты. Андыктан Кыргызстан жана Тажикстандагы ГЭСтердин курулушу Борбор Азиядагы суу маселесин чечет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө айтты.

%d1%8d%d1%80%d0%bb%d0%b0%d0%bd-%d0%b0%d0%b1%d0%b4%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d0%b0%d0%b5%d0%b2

Ал бирдиктүү долбоорлордун курулушу суу тартыштыгы көйгөйүн алдын алаарын белгиледи:

– Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан таза электр энергиянын булагына ээ. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү жаңы долбоорлордун курулушунда бир ымалага келиши абзел. Болбосо мөңгүлөрдүн ээриши менен катар 2025-жылга барып суу тартыштыгы пайда болот.

Кыргызстан былтыр да ГЭСтерди куруу зарылдыгын БУУнун жыйынында көтөргөн. Бирок Өзбекстандын өкүлү ГЭСтердин курулушу коңшу өлкөлөрдө суу тартыштыгын жаратарын Башкы ассамблеясынын жыйынында дароо айтып чыккан.

fakt.kg

Тема боюнча:  Баткенде имамдар ичимдик саткан дүкөндөрдү текшерүүгө алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful