Templates by BIGtheme NET

Президенттин кызы эмне үчүн Костяга турмушка чыкканын айтып берди

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн инстаграмм баракчасына Константин аттуу орус улутундагы бадага турмушка чыккандыгын жазып чыккан http://fakt.kg/?p=17958 . Көпчүлүк кыргыз жаштары анын орус улутндагы жигитти тандаганына нааразы экендигин билдиришсе, кээ бирлери “Мусулман менен мусулман эмес баш кошсо болбойт” – деген пикирлерин жазышкан. Шагиева өзүнүн турмушка чыгуусу тууралуу “elle.ru” сайтына айтып бериптир.

Алия Шагиева

Константин менен Алиянын үлпөт тою 27-август күнү Skyhall ресторанында 30 кишинин катышуусунда болуп өтүптүр. Тойго Константиндин кесиптештери, Алиянын курбулары жана эки тараптын туугандары келиптир. Алия фортепиано боюнча сабак берген мугалимин да чакырыптыр, анткени аны өзүнүн чоң энесиндей жакшы көрөт экен.

Анын тоюнда жаз музыкасы жаңырып туруптур да, чоочун эч ким жок, ашыкча чыгым да, үймөктөлгөн журналисттер да жок тынч өтүптүр.

Тойдон 2 ай мурда Константин Алияга турмуш куруу сунушун киргизет, мындай кабарды уккан эки тараптын ата-энелери макулдугун беришет. “Менин ата-энем Костяны 1 жылдан бери билишет, өз уулундай эле кабыл алды”- дейт Алия.

Константин менен Алия мындан 4 жыл мурда интернет аркылуу таанышып калышкан. Ал кезде Алия болгону 15 жашта, ал эми Константин 20 жашта болгон. Константин анын сүрөттөрүнүн бирине “Түнүң бейпил болсун, баары жакшы болот” – деп жазган. Мына ошол күндөн тартып, экөө интернет аркылуу достошуп калышкан. Алия жолдошун “Менден караганда акылдуурак жана боорукер” – деп сыпаттаган.

Константин Алияга үйлөнүүсүнүн себеби ал президенттин кызы болгон деген пикирлер туура эмес, экөө сүйүүнүн арты менен гана баш кошушкан.

fakt.kg

Тема боюнча:  Депутат Манастай болгон президент издейт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful