Templates by BIGtheme NET

Беттеги такты кантип кетирсе болот

Беттеги ар кандай тактардын азабын тарткан улан-кыздар жүздөп саналат. Биз бүгүн ошол тактарды үй-шартында кантип кетирүү керектиги жөнүндө азыноолак кеп кылабыз.

  • 2 орточо бадыраңды таза жууп майдалап туурап, айнек идишке салып, үстүнө 2 чоң кашык таза спирт кошуп оозун бекем жаап 3 күн караңгы жерге кармоо керек. Андан соң бул суюктук менен кечинде бетти жылуу суу менен жууп туруп сүртүңүз.  20 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз.3
  • Бетке так түшүүсүнүн дагы бир себеби-бул өттүн оруусу Атайын адиске барып, өтүңүздү текшертип көрүңүз. Өтүңүз толук айыкканда беттеги тактар да жоголуп кетет.
  • Майды, шоколатты, сүрсүгөн этти, жылкынын жана үндүктүн этин азыраак жеп, Жашылча-жемишти көбүрөөк колдонуңуз. Жалаң гана эти бар тамак жей берсең бетке так эле эмес, бырыш да эрте түшүп алышы мүмкүн.
  • 200 грамм аракка майдаланып, талкаланган 3 аш кашык лавр жалбырагы салынып, 5-6 күн караңгы жерге коюлат. Муну аптасына 2-3 ирет бетке сүртүү керек. Безетки менен кошо беттеги тактар да кетет.
  • Күрүчтү жуугандан кийинки калган суусу менен бетти тазаласа болот.
  • Алманы сүткө майдалап кесип салып, кичине кайнатып анан маска кылып койсо таасир этет.
  • Укропту майдалап согун чыгарып, айранга кошуп ( коюланганга чейин) аралаштырып 30-40 күн маска жасаса да беттеги так кетет.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Москвада кыргыз кыз тажик, өзбек жарандары тарабынан 10 күн зордукталды деген маалымат боюнча ИИМ билдирүү таратты

2 Прикирлер

  1. Сепкилге да ушул ыкмаларды колдонсо болобу?

  2. Менин балам туулгандан бери эле кара дак бар мойлосунда, кадимкидей билинип турат, ошол не себептен болушу мумкун?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful