Templates by BIGtheme NET

Күбүр-шыбыр кеп угам, парламент тарайт деп угам…

Парламенттин 2016-жылдагы ишмердүүлүгү эсте калаарлык болду. Акыркыларын эле айтсак, Сариевди ээрден оодаруу, Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин төрагалык кызматты талашуу “сценарийи”,  Атамбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы  журналисттер менен болгон жолугушуусундагы бир катар кишилерге карата пикири, Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүнүн депутаттар эс алууда жүргөндө катуу темп менен эл оозуна алынуусу, Текебаевдин чуулгандуу маалымат жыйыны элдин эсинен али кете элек.

парламент

Бир кездери Атамбаев Текебаевди “Бир буту менен оппозицияда, бир буту менен бийликте талтайып жүрөт, талтаюунун да чеги болот” – деген таризде ага бир сыйра какшыктап алган эле. Текебаев да жөн калбай өзүнүн кезегин күтүп жаткан экен да, минтип бүгүн “Азаттык” радиосуна берген маегинде чексиз “талтаюу” мүмкүн эместиги жөнүндө айтыптыр.

“Атамбаев президент болбосо деле ошондой Конституцияда көргөзүлбөгөн көмүскө фигура болуп, Кыргызстанды реалдуу башкарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү эле жетиштүү болот.

Бул киргизилип жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, эски кейпибизге тез эле келебиз. “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” дегендей, Кыргызстанда ушул Конституциялык өзгөрүүлөр кабыл алынса, “көзү ачыктык кылып жатат” дегенден коркпоймун, бир жылга жетип-жетпей мурунку тартипке, 2010-жылда эмнеден качсак, кайра ошого барабыз. Биздин Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу салтыбызды, кошоматка кой сойгон сапатыбызды эсепке алганда, сот системасы да, парламентти да өкмөткө жана бийликте болгон партиянын жетекчисине  көз каранды болот. Мен мындай терең ойлонулбаган өзгөрүүлөргө каршымын” – дейт Ө. Текебаев гезиттердин бирине берген маегинде.

Ошентип, азыр Конституцияны өзгөртүүгө бир тарап жан далбастап аракет көрүп жатса, дагы бирлери каршы пикирин билдирип, ММКдан байма бай чыгып жатат. Алардын катарын көбүнчө жаш активисттер, Турсунбек Акун баш болуп укук коргоочулар түзүшүүдө.

Акыркы кездери коомчулукта “Эгер күзүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, 2017-жылдын март айына чейин парламент тарайт. Мурункудай 120 депутат эмес, 60 депутат келиши керек болот” – деген кептер тарай баштады. Балким бул кептерди кимдир бирөө атайылап таратып жаткан чыгар. Анысы бизге караңгы, бирок эл оозунда айтылып жаткандыгы анык.

Тема боюнча:  29-мартта cот Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт

Текебаев бир нерсенин алдын ала бир нерсени билбесе сүйлөбөйт эле, акыркы кездери ММКлар аркылуу Текебаевдин байма-бай чыгып жатканынын артында бир нерсе бар окшойт. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” – деген кеп бар эмеспи күтө туралы….

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful