Templates by BIGtheme NET

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине кирүү билеттери сатыла башталды

2016-жылдын 3-8-сентябрь күндөрү  өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине кирүү билеттери сатыла башталды.

кочмон

Билеттерди Бишкек жана Ош шаарларында расмий сатуу түйүндөрүндө, ошондой эле “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” атайын уюлдук тиркеме аркылуу сатып алса болот. Трибунадагы орундарга жараша билеттердин баасы оюндардын ачылыш аземинде – 300дөн 3800 сомго чейин, жабылыш аземине 300дөн 2000 сомго чейин болот.

Уюлдук тиркеме аркылуу билетти сатып алууда атайын графаларга өзүнүн жеке маалыматтарын толтуруп жана өзүн сүрөткө тартып, трибунада бош болгон орунду тандаган соң керектүү акча каражатты төлөшү керек.

Сатылып алынган билет сөзсүз түрдө жеке мүнөздө болот. Буга байланыштуу сатылып алынган билет башка бирөөгө берилсе, ал жараксыз деп табылат жана акчасы кайтарылбайт.

Билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине алуу керек. Оюндардын алкагында ат майданында  жана Кырчын жайлоосунда өтө турган спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга кирүү акысыз болот.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Баласын тепкен ата: Тараган видео мантаждалган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful