Templates by BIGtheme NET

Москвада жасалма авиабилеттерди сатып жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

Москвада Кыргызстандын жараны Диана Токтобаева жасалма авиабилеттерди сатып, Милан жана Парижге бара турган туристтерди Кыргызстанга жөнөтүп турган. Ал Кыргызстандан Москвага барып,  авиа билет сатуу боюнча өзүнүн фирмасын ачкан. Бул тууралуу “Московский Комсомолец” басылмасы жазып чыкты. 

задержание

“Россиянын борборунда жашаган Кыргызстандыктар бул фирмадан авиабилеттерди 2-3 миң рубль арзан сатып алса боло  тургандыгы тууралуу маалымат таратып турушкан. Ошко, Бишкекке учууну каалагандар бир ай мурда билет сатып алса арзан боло тургандыгын Диана айтса, көпчүлүгү ишени алышат, бирок жасалма билет сатып алышаарын билишкен эмес. Диана авиакомпаниялардын бири менен келишим түзүп иштей баштайт. Бирок кардарларга болсо, мурда эле Европага сатылып кеткен билеттерди карматып коет. Ал эми жаңы авиадокументтерди Кыргызстанга уча турган өзүнүн кардарларына берген” – деп жазат аталган басылма.
Кардарлар 8-20 миң рублга билет сатып алып, аэропортко келип уча албай калышат, анткени алардын билети такыр башка рейске катталаган болот.

Алдамчы келинде милиция колго түшүргөндө өзүнүн уулунун татыктуу жашоосуна жетээрлик акча табуу үчүн алдамчылык жолго барганын айткан.

Ал эми бул келинден жабыркаган 15 киши милицияга кайрылган.

fakt.kg

Тема боюнча:  МАИ кызматкеринин акча алып жатканы видеого түшүп калган (Видео)

2 Прикирлер

  1. Арам акчалар менен баландын келечегин туптогон пайдасыз.

  2. Бактылуу жаран

    Эми балаң чындап татыктуу жашоодо жашайт энесиз.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful