Templates by BIGtheme NET

Тажыкүл апа, карылар үйүнүн жашоочусу: “Уулум мени бул жакка жеткирип койсо, анан мен уулум менен катташмак белем?” (Фото)

Кыргыз улутунун тарыхында карылар үйү деген түшүнүк таптакыр жок болчу. Бирок 20-кылымдын аягы, 21-кылымдын башында карылар үйү, балдар үйү деген түшүнүк кирип келгендиги өкүнүчтүү. Буга чейин кыргыздар “карысы бардын ырысы бар”, “карынын сөзүн капка сал” деген сыяктуу көптөгөн накыл кептерди туу тутуп, карыларын үйдүн төрүнө олтургузуп, аларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишкен. Анткен менен акыркы кездери карылар үйүндө кыргыздын акылман кары кемпир чалдарынын көбөйүп жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Бул дүйнө кайтар дүйнө деп коюшат эмеспи, бүгүн ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендер эртең өздөрү ошол жакта болуп калуусу толук ыктымал экендигин унутушпаса. Байлык бийликтин артынан кууп,  ата-энесинин көңүлүнө оор тийчү сөздөрдү айтып, аларды карылар үйүнө таштап кеткендер кеч боло электе ойлонушса…

Биз Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеге барып, андагы карылардын жашоосу менен таанышып кайттык. Бул жерге айрымдары өз каалоосу менен келсе, кай бирлерин балдары таштап кетишкен. Биз маектешүү үчүн келгенибизди, журналист экенибизди угушканда көпчүлүгү “туугандар көрсө уят” – дешип, диктофонго сүйлөп берүүдөн баш тартып жатышты.

Карылар үйүндө курак курап, ар кандай көргөзмөлөргө алып чыгып жүргөн апалар да жок эмес экен. Алардын бири Укуева Тажыкүл апа Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунан болот. Өзүнүн айтымында 2 уул, 2 кыздын апасы. Улуусу Россияда иштеп жүрүптүр, “Эптеп үй сатып алсам, анан сизди алып кетем, кор кылбай багып алам” – деген уулу качан үй алаары али белгисиз экен. Ал эми кичүү уулу “Мурас Ордо” жаңы конушунда жашайт экен. Келининин тилине кирип уулу бул жакка жеткирип коюптур, ошонун айынан ал уулу менен катташпайт экен, уулу да келбейт, өзү да барбайт экен. “Уулум мени бул жакка жеткирип койсо, анан мен уулум менен катташмак белем?” – деп суроо салат Тажыкүл апа. Апанын айтымында жасаган курактарын карылар үйүнө эстеликке калтырып, ошол жерде иштегендер материалдарын алып келип берсе аларга курак курап берет экен.

Тема боюнча:  Өз баласын тепкен адам мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери

IMG_1843

70 жашка толгон энесин карылар үйүнө таштап коюп, уулу кантип жашап жүрөт? Деген суроо көкүрөккө уюп туруп алды…

Дагы бир кол өнөрчү апа Байзакова Гүлжакан апа Тажыкүл ападан айырмаланып, жасаган буюмдарын базарга алып чыгып сатып, көргөзмөлөргө алып чыгып турат.

Ал көбүнчө жаңыдан басып калган бөбөктөр үчүн бут кийимдерди, 7-8 жаштагы секелектер үчүн баштыктарды, уюлдук телефон салчу баштыктарды, үй ичине кийчү бут кийимдерди,  кийизден жасап, базарга сатат.IMG_1849

Бул эки апанын тең иштөө үчүн атайын бөлмөлөрү бар.

Аталган мекеменин директору Эркингуль Абдылдаева карылар үйүнүн 55 жылдык мааракесине карата музей ачуу үчүн тийиштүү жабдууларды демөөрчүлөрдүн жардамы менен алып жатканын билдирди.

IMG_1839 IMG_1840    IMG_1844 IMG_1845 IMG_1846 IMG_1847 IMG_1848  IMG_1850  IMG_1852 IMG_1853 IMG_1854 IMG_1855 IMG_1856  IMG_1859 IMG_1860 IMG_1861

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful