Templates by BIGtheme NET

Атамбаев Чубак ажы менен жолугушту

Бүгүн, 15-августта президент Алмазбек Атамбаев бир катар диний ишмерлерди, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды. Жолугушууга Чубак ажы Жалилов да аалымдар кеңешинин мүчөсү катары
катышты. Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

встре

Президент Атамбаев акыркы кездери экстремизм маселеси күч алып жаткандыгын, бул мамлекетибиз үчүн кооптуу экендигин айтты. “Акыркы кездери экстремизм маселеси күч алып жатат. Биз өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн баарыбыз чогу бул маселе менен күрөшүшүбүз керек, өлкөбүздүн светтик көз карашын сактап калуубуз керек” – деди Атамбаев.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстанда дин тутунуу эркиндиги бар экендигин, муну айрым ниети бузуктар башка жолдо пайдаланып кетүүгө аракет көрүшү мүмкүндүгүн айтышты.

Чубак ажы Жалилов Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар экендигин, мындай эркиндик айрым өлкөлөрдө берилбей тургандыгын, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн чогу турушубуз керектигин айтты.

Бул багытта жолугушуунун башка мүчөлөрү да өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful