Templates by BIGtheme NET

“Азаттыктын” кызматкерлеринин жакындарына кысым болууда

 “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын башкы редакторунун иниси Азиз Юсуповду наркотикалык заттарды сатты деп айыптап кечээ, 3-июлда 8 жылга эркинен ажыратты. Өзбек бийлигинин “Азаттык” радиосунун кызматкерлеринин жакындарына болуп жаткан мындай кысымды Эркин Европа Азаттык радиосунун президенти Томас Кент айыптап чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жазып чыкты.

азаттык

Азиз Юсуповго өзбек УКМКсынын дайындаган жактоочусу жактоочулук кылды. Юсуповдун жакындарынын айтымында милиция өзү кылбаган кылмышты күчкө салып моюндатышкан. Сотто анын кылмышты кылгандыгы тууралуу бир да далил келтирилген эмес.

“Мындай кадам Өзбекстан бийлигинин “Азаттыктын” журналисттеринин эркин маалымат таратып жатуусуна карата коркутуу үчүн жасалган кадам. Биздин кызматкерлердин үнүн өчүрүүгө болгон аракеттерди кескин каралайбыз” – деп айткан Томас Кент 3-августта тараткан билдирүүсүндө.

2005-жылдагы Андижан окуясынан кийин Ташкент “Азаттык” радиосунун Ташкенттеги бюросун жаап, сайтын токтотуп койгонуна карабай, учурда анын угармандары жана окурмандары көп. Азаттыктын сайтына бир айда 2 млн киши кирип жатат.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Ашхабадда көчөгө кир жаюуга тыюу салынды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful