Templates by BIGtheme NET

14 кылмыш ишин жасаган Ноокендик жаран кармалды

2016-жылдын 14-июлунда Жалал-Абад ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, облус аймагында 14 кылмыш фактыларына тиешеси бар деп издөөдө жүргөн Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Бирдик айылынын тургуну  26 жаштагы А.Т кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБинен кабарлашты.

ууру

Маалыматка таянсак,  бул жаранга Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан  КЖКнин 353-беренеси менен кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн.

Буга чейин Жалал-Абад, Майлуу-Суу,Таш-Көмур, Сузак, Базар-Коргон  Ноокен аймактарында жүрүп, ар кандай уурулук жасагандыгы аныкталып жалпысынан 14 фактыга тиешеси бар экендиги далилденип, кылмыштын бети ачылды

Мындан сырткары ал Бишкек шаарында жасаган эки кылмыш иши аныкталып, далил буюмдары алынган.

Уурдалган буюмдардын жалпы суммасы  800 000 сомду түзгөн. Азыркы учурда  кылмышкер убактылуу кармоочу жайда кармалып тергөө амалдары жүргүзүлүп, сот тарабынан санкция берилип 2 айга камака алынды.

fakt.kg

 

 

Тема боюнча:  Эртең, 18-мартта Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү болот

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful