Templates by BIGtheme NET

Ызы-чуу жараткан баннерди кимдер илдиргени аныкталды

Бүгүн коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн “Кайран элим кайда баратабыз?” аталышындагы баннер болду. Муну ким илгендиги так маалым болбосо да “Билим берүү” деген фонд илдиргенин мэриядан кабарлашты.

сурот

“Исламдашууга каршы маанайдагы баннерди билим берүү фонду илдиртиптир. Анын расмий аталышын азыр сүрүштүрүп жатабыз. Фонддун жетекчилеринин бардыгы намаз окуган мусулмандар экен. Бирок алар “биз патриот кыргыз мусулмандарыбыз” деген көз караштарын билдиришиптир” – деп кабарлашты мэриядан.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов бул баннердин артында чоң акча турган болуусу мүмкүндүгүн жергиликтүү маалымат сайттардын бирине мындайча билдириптир.

“Бул жарнактар чоң каражат менен чыккан. Анын артында таасирдүү адамдар турат деп ойлойм. Кыргыздын жашоо-турмуш тууралуу мыкты макалдары бар. Ошолорду шаарларга илдиртүүнү суранып көптөгөн мекемелерге кайрылганыбызда эч ким колдогон эмес. Анан элди бөлүп, жарып чыр жараткан жарнакка каражаттын табылып калышы жөн жерден эмес”- дептир ал.

Деген менен Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевге шилтеме берип, айрым ММКлардын жазгандарына таянсак, бул жазууларда экстремисттик, диний кагылышууну курчутуучу эч кандай белги жок экен.

fakt.kg

Тема боюнча:  Баланын кылмышкер болуусуна мамлекет күнөөлүү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful