Templates by BIGtheme NET

Роналдонун башындагы 2 сызык эмнени түшүндүрөт?

Евро 2016 футбол боюнча мелдеште Португалиялыктар менен Исландиялыктардын ортосунда болгон оюн 1:1 эсебинде аяктаган. Ошол оюнда Роналдо тилекке каршы дүйнөдөгү эң мыкты футболчу экендигин дагы бир жолу далилдей алган жок. Бул оюн Роналдону дүйнөдөгү акыркы 20 жылдын ичиндеги эң мыкты футболчу деп атагандан 2-3 күндөн кийин болгон.

роналдо

Роналдо жакшы оюн көрсөтө албагандыгын анын күйөрмандары айтышууда. Роналдо оюн учурунда боюн көтөрүп, каршылаш тараптын оюнчуларын сыйлабай койот.

Футболчу оюн учурунда антип боюн көтөргөнү менен анын адамгерчилик сапаты да бар. Эгерде кимдир бирөөгө жардам керек болсо, ал биринчилерден болуп келет. Алтын топтун 3 жолку ээсинин чач жасалгасын жакшылап байкасаңыз башынын арткы тарабында эки сызыкты көрөсүз.

Алгач бул эмне болгон сызык, мааниси эмне деп дүйнөлүк ММКлар жооп таба алышпай келишкен. Акырында мунун да жообу табылды, көрсө Роналдо оорукчан балага тилектештик билдирүү катарында ушундай кылыптыр.

Чет өлкөлүк ММКларда Роналдо рак оорусу менен ооруган балага жардам бергендиги айтылат. Башына жасалган операциядан кийин баланын дал ушул жеринде шрам калып калган. Роналдо чачын ушундай кылып жасатып, балага колдоо көрсөткөн.

fakt.kg

Тема боюнча:  Францияда мектепте окуучулар атышып, эки адам жаракат алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful