Templates by BIGtheme NET

Кореядан өрүктү үшүктөн сактачу дары алынып келинди

 Түштүк Кореядан атайын каражат-дары алып келинди. Ал өрүктөрдү үшүктөн туруктуу сактамакчы. Бул жөнүндө Баткен шаарынын тургуну Турсунали Төлөмүшев редакциябызга кабарлады.

Баткендиктердин баамында, быйыл жаз аймакка эрте баш багып, Баткен жергесинде жазгы талаа жумуштары дагы мөөнөтүнөн мурда башталды. Ошентсе да, аба ырайы абдан бат өзгөрүп, кайраордан cуук каптады, демек, бак-дарактар гүлүн ачкан маалда дагы үшүк жүрүшү толук ыктымал.

– Бирок, ушул тапта мындай абалдан чыкканга мүммкүнчүлүк табылды. Анүчүн кар жаап, катуу суук каарыган тапта эми гүл ачып бараткан мөмөлүү дарактын түбүнө топон же шалынын бакалынан түтөткү койгондор утат. Анткени, биздин өрөөндүн тургундары негизинен өрүк өстүрүп, анын мөмөсүн сатып гана оокат кылышат. Былтыр дал мөмөлүү дарактар гүлдөгөн маалда кар жаап, өрүктөрдү катарынан үшүк уруп кеткен. Ошентип, түшүмдөн куржалак калганбыз, – деди жергиликтүү фермер Турсунали Төлөмүшев.

Баса, Турсунали Төлөмүшев үшүктүн алдын алуу боюнча Түштүк Коеяда өткөрүлгөн эл аралык семинарга катышып кайтты.

– Түштүк Кореяда мөмөлүү дарактарды үшүк уруудан сактоо максатында атайын дары каражаттар пайдаланылат экен. Бирок, ал жакта өрүк дегеле өнбөгөндүктөн, мен алмага ылайыкталган гана үшүк уруудан толук коргоочу каражаттарды алып келдим. Бул каражат Баткен районундагы Кара-Бак, Чек жана Баткен айылдарындагы өрүктөргө чачканга беймарал жетет, – деп кошумчалады  жергиликтүү фермер Турсунали Төлөмүшев.

Алишер Токсонбаев

fakt.kg

Тема боюнча:  Бюллетенди эшикке алып чыккан аял кармалды (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful