Templates by BIGtheme NET

Жогорку Кеӊеш бир катар жаӊы өкмөт мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына киргизүү үчүн Премьер-министр тарабынан сунушталган талапкерлер каралды.

ЖК

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында, Өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылганын, эки министрлик кайра түзүлгөнүн, эки мамлекеттик комитет түзүлгөнүн айтып, алардын жетекчилигине талапкерлерди тааныштырды.

Талкуу жүрүшүндө өкмөт мүчөлүгүнө көрсөтүлүп жаткан талапкерлерге өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл буруу, өлкө кызыкчылыгын коргоо, өздөрү иштеген тармактарга инвестиция тартуу, коррупциялык жосундарды жоюу, чек арадагы контрабанданы токтотуу сындуу бир катар талаптар коюлду. Өкмөттүн түзүмүндөгү айрым органдардын иш-милдеттерин кайрадан тактоо жана туура бөлүштүрүү, көзөмөлдү күчөтүү сунуштары берилди.

Жыйынтыгында Өкмөт түзүмүндөгү чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеӊиш Разаковду, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Турдуназир Бекбоевди, Транспорт жана жолдор министри кызмат ордуна Замирбек Айдаровду, Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Бакыт Шаршембиевди, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Дүйшөнбек Зилалиевди дайындоого макулдук берилди.

Эске салсак, 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеӊеш Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен жолугушат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful