Templates by BIGtheme NET

Бабанов депутаттын кылыгына баа берүү керектигин айтты

 

Бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,  сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отуруму болуп жатат.

бабанов

Комитеттин жыйынында “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Зиядин Жамалдиновдун суроосу боюнча маселени кароону сунуштады.

Ал 22-июнда Жамалдиновдун укугу бузулганын айтты. “Өзүңөр билесиңер добуш берүү маалында төрага: “Жамалдиновдун добушун эсептебей эле добуш бере берели” – деп айткан. Качан мындай болду эле? Депутат биздин комитетке бир жума мурда кайрылган, биз муну карашыбыз керек деп ойлойм” – деди Масалиев.

Комитеттин төрайымы КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина бул маселени бүгүн кароого мүмкүн эмес экендигин, документтер топтолбогонун айтты. “Бул маселени биздин отурумдун күн тартибине киргизүү  үчүн документтерди даярдоо керек, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын алуу керек. Азыр мунун баары даяр эмес, биз кийинки отурумда карашыбыз мүмкүн” – деди .

Депутат Бакыт Төрөбаев кесиптешине маселе күн тартибине киреби кирбейби комитеттин мүчөлөрү чечээрин, жалгыз киши эч нерсе чече албай тургандыгын эскертти.

“Биздин комитетке Жамалдиновдун арызы бир жума мурун келип түшкөн. Эгер документтер даяр эмес болсо, бул отделдин жакшы иштебегендиги, сиздин жакшы иштебегендигиңиз. Бул депутаттын комитетке кайрылуу укугу, балким ал регламентти бузган чыгар.  Бирок мыйзам долбоору мыйзамдын негизинде кабыл алындыбы?” – деп суроо салды ал.

“Мыйзам боюнча депутат добуш берүүгө милдеттүү” – деп жооп кайтарды Скрипкина.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек  Бабанов депутаттын кылыгына  да баа берүү керектигин айтты. “эмне үчүн депутат 5 жолу добуш бербей, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратат? Келгиле анда депутаттын кылык-жоругуна да баа берели андай болсо” – деди.

Жыйынтыгында 6 добуш менен Масалиевдин сунушу четке кагылды.

Эске салсак, Жамалдинов бир нече жолу добуш бербей, добуш берүүнү үзгүлтүккө учураткан. Кийин депутат техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу добуш бере албай калганын айткан.

Тема боюнча:  Алмазбек Атамбаев УМКК кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

 fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful