Templates by BIGtheme NET

Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү

Казакстандын бир катар жеринде күйдүргү оорусу катталгандыктан Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы чек арадагы көзөмөлдү күчөттү.0AEE61D0-4314-4BDF-A1D8-D3B49E2921F2_w987_r1_s

Ага ылайык, Казакстандан алып кирилүүчү эт-сүт азыктары тыкыр текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кыргыз тарап Казакстанга жана ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кат жолдоп, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына күйдүргү менен ылаңдаган жаныбарлардын эт-сүт азыктары тарап кетүүсүн алдын алууга чакырды.

Акыркы жумада Казакстандын эки облусунда күйдүргү оорусу катталган. 22-июнда Караганды облусунда күйдүргүдөн эки киши каза таап, алты киши ооруканага жаткырылган. Ошондой эле Чыгыш Казакстан облусунда да эки кишинин күйдүргү оорусуна чалдыкканы аныкталган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Талапкер Малиев сынактан ийгиликтүү өттү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful