Templates by BIGtheme NET

Сарыгуловду үй-камагына чыгарууну суранышууда

Интернетте Маданият өкүлдөрү баш болгон жоон топтун өлкө жетекчисине, Жогорку Сотко жазган кайрылуусу тарады. Анда Д. Сарыгуловду ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну 1суранышкан.

Дастан Сарыгуловду ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча Манасчы, Акын, Жазуучу жана Интелегенция өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбековго
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Тѳрайымы А.А. Токбаевага
Кыргыз Республикасынын УКМКнын Тѳрагасы А.К. Сегизбаевге

Сарыгулов
КАЙРЫЛУУ

Кыргызстан баарыбыздын ыйык мекенибиз. Кыргызстандын эли эң башкы байлыгыбыз. Өлкөбүздө адилеттик болуп, мыйзамдуулукту бекем сактаганыбызда гана жоопкерчилик, тартип жана өнүгүү болот.
КРнын экс-Мамлекеттик катчысы, Кыргызстандын эмгек сиңирген курулушчусу, жетимишке таяп калган аксакал Дастан Исламович Сарыгуловдун абака алынышы эл ичинде ар кандай пикирди жаратууда. Мыйзам алдында баары бирдей болуп, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек экендигин биз да кубаттайбыз.
Д.Сарыгулов көп жылдар бою мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап, кийинки мезгилде кыргыз элинин дөөлөт-мурастарын, тарыхын казып изилдеп келе жатканы баарыбызга малым. Ошондой эле, улуттук баалуулуктарды даңазалоо багытында да опол тоодой кызмат өтөп келе жаткан саналуу адамдардын бири катары коомчулукта сый урматка татыган инсан.
Биз Д.Сарыгуловдун күнөөсү бар же жок экендигин айта албайбыз. Аны тергөө органдары аныктап, сот бийлигинин өкүлдөрү өз мыйзамдуу баасын берет деген ойдобуз. Д.Сарыгуловдун ден-соолугунун оор абалын, өйдөлөп калган жашын жана элге сиңирген эмгегин эске алып, үй камагына чыгарууну, андан соң сотко чейинки тергеп-тескөө иштерин улантууну суранабыз.

Бишкек ш. 20.06.2016-ж.

Надырбек Алымбеков
2. Алтай Борубаев
3. Сыргык Соорункулов
4. Базарбай Мамбетов
5. Кален Сыдыкова
6. Элмирбек Иманалиев
7. Темирбек Токтогазиев
8.Рысбай Исаков
9. Замир Баялиев
10. Улан Исмаилов
11. Доолот Сыдыков
12. Кадыр Кошалиев
ж.б. тизме уланууда.

fakt.kg

Тема боюнча:  Лейлек районунда 14 жаштагы бала суу сактагычка чөгүп кетти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful