Templates by BIGtheme NET

Салянованын Айтикеевге жообу: “Ташиевге жинди деген справканы мен бербейм”

Буга чейин Адилет Айтикеев аттуу журналист Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы бир тараптуу жамандаган пикирин берген болчу. Аида Салянова өзүнүн фейсбук баракчасы Аркылуу Айтикеевге жооп жазыптыр.

Оңдобой беребиз:салянова

“Адилет Айтикеевге жооп

Достор!
Кыргызда таба жолу тар деп коет. Бумеранг бекен? — деп колунан эч нерсе келбеген, алсыз жигиттер табалайт. Бумеранг болгондой мен эч нерсе жоготкон жокмун. Парламентке депутат болуп эл учун кызмат кылуу бактысына ээ болдум. Болгону ичи тардыктын, коро албастыктын айынан жумуштан конулуп сууп, кеттим. Бирок ага дагы таарынбайм. Атамдан калган жумуш беле. Тескерисинче, тагдырыма ыраазымын. Кимдин ким экенин эрте тушундум.
Мен эч качан бироонун ырыскысына кол салган эмесмин, жеке кызыкчылыгымды ойлоп, бироону кор кылган эмесмин. Мунозумдо калп айтуу, ичи тардык, эки жуздуулук жок. Мен эч качан коомчулукка тушундуро албай турган нерсе жазаган жокмун. Ошол учун мен жонундо калп жазуу — бул убактынарды текке кетируу. Кайра-кайра бул суроолорго дагы кайрылбайм.

Сен жазган Келдибеков, Аманбаева, Тюлеевдер сен учун эле ак болбосо, жалпы кыргыз эли алардын ким экенин жакшы билет. Келдибековдун компьютеринде Арпачиев менен жазышкандарынар бар экен деп баланын созун суйлопсун. Биринчиден, мен мыйзамсыз буйрук бере турган киши эмесмин; экинчиден, тергоо ыкмалары жонундо эч качан компьютер менен жазышпайм. Анын устуно, мыйзамсыз буйрук берген киши аны очурбой Адилет Айтикеев учун сактап коет беле? Ойноп жазсан дагы ойлоп жазсан боло.

Ташиевке жинди деген справканы мен бербейм. Эгерде ошондой справка болсо, озунон сурабайсынбы бул справка Сизге эмне учун керек болду деп. Атамбаевди мактап чыккан видеосу прокуратуранын архивинде бугун деле бар болушу керек. Аны коруп врач болсом, балким мен дагы Ташиевге ошондой справканы бермекмин.

Келдибеков боюнча Нарымбаев экообуздун Атамбаеге каттаганыбызды озун кордун беле? Сенин бул создорун ушакчынын эле созу — Салянова Акмат Бакиев менен жакшы деген сериядан эле. Ал кишини тааныбаганыма карабай, омуру аны менен саламдашып корбогонумо карабай жабыштырганынар жабыштырган.

Эми Батукаев жонундо. Моонотунон мурда бошотуу жонундогу сунушту жаза аткаруу кызматы киргизет. Чечимди сот кабыл алат. Эгерде бир нече медкомиссиянын корутундусу чыгып жаткан болсо, прокурор аны четке каккандай врач эмес, ал процессуалдык жагын гана карайт. Парламент Батукаевдин маселесин карап жатканда токтомдун долбооруна уч прокурор жумуштан алынсын деп жазылган. Бирок аларды жумуштан алууга мыйзамдуу негиз жок болчу. Андан улам мени Батукаевди жактады деп каршылаштарыма майдай жакты. Эгерде кол алдындагы кызматкерлердин куноосу болбосо, аларды жетекчиси жактабаганда ким жактайт? Турмушта ошондой жетекчилерди кордум. Озунун керт башын ойлоп кол алдыгындагыларын колдоп калганга кудурети жетпеген. Бирок жакшыбы, жаманбы менин болгон мунозум ушу — озумдун атыма доо кетсе дагы дайыма кызматкерлеримди колдоп келгем.
Ошол учун Батукаевинерди мага чаптабагыла.

Ар бир адам учун жоопко тартуу бул опурталдуу нерсе. Анын жеке ден-соолугу учун бул шок. Эми ким олуп калат деп сенин оюунча кылмышты жашырып-жаап, ичкен-жегендерге тийбей эле коюу керекби?
Прокуратурада иштеп жатканда, кандай корсонор ошондой коргуло, коррупционерлерге баш котортпогонго аракет кылдым. А азыр болсо элге акыл уйротуп, ойдо-томон комментарий жазышып, оодосунуп, чон суйлоп жатышат. Бул саясаттын мажуроолугу, жарым-жартылай кылып аягына жеткире албагандыгы. Мамлекет бир колу менен жоопко тартып, бир колу менен жооптон куткарып, сот реформасынын ордунан жылбай жатканы.
А бийлик болсо табасы канып, мыйыгынан кулуп турат.

Жооп беруунуз али алдыда деп жазыпсын, мен жооп беремби же дараметинден туура пайдаланалбай акты ак, караны кара дей албаган сен жооп бересинби аны Жараткан озу чечет. Сени менен акыйлашып олтурганга менде сеникиндей убактым жок, мага конул бурсун, мен ушундай кыйынмын деген оору менен дагы оорубайм. Ошондуктан ар бирибиз озубуздун оюубузда калалы.” – деп жазды Салянова.

fakt.kg

16 комментарии

  1. Азыркы дооордун кыраакы,акылдуу,ички дана сырткы туюму аябай кучтуу Курманжан даткасы.кара муртоз саясий оюндун кул эркектери Сиздейди сындырбасын,Жаратканым колдосун.Амин.

    • Мыйзамды озу мыкты билбеген, чала сабат ушундай прокурор Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. Конституцияны козго илип да койгон жок. Ууру кылмышкердин тоболун аба майданына чейин узатып барып учуруп жибергенде дагы, эч кандай мыйзам бузуу болгон жок деп, былтыйып отурду. Канчалаган адамды кек кармоонун аркасында жасалма кылмыш иштерин ачты. Убактылуу кармоо жайларында пыткага кабылган жарандар кок ала бролгон денесин корсотуп, мени кыйнап жатышат , деп айткан кундо дагы, парламенттин трибунасынан эч кандай кыйноонун элементтери жок, деп мыйзам тепселеди. Мамлекетеги мыйзам, конституция менен ойноду. Ушундай кара муртоз, ичи тар, оной жол менен озун пиарит эткен адамды кантип эл адамы деп парламентке алып келди. Ата Мекен партиясына тушунбойм. Оз бир тууганына келгенде кантип мыйзам туура эмес болуп калат. Сени тырмагындан дарга асса дагы аздык кылат. Ак жерден коп адамды сыздатуу кечирилгис куноо. Кудайдан гана алар тилеп жатат сенин жазаланарынды.

      • Тарыхты билсен ушинтип жазмак эмессин, тарыхта болгон эмес САЛЯНОВАДАЙ таза, чындыкты издеген коррупсионерлерди тазалап камаган. Ууру кылмышкерди бийликтеги ууру кылмышкерлер колдоп врачтардын кагаздарын таздыктап берип атса, бийлик колдоп атса, жалгыз кишинин колунан эмне келет. Мына эл адамы деп айтса болот! Эл билет кимдин ким экенин. Бироого кор каспа, озун тушосун деген кеп бекеринен айтылган эмес. Аны даргага астыргыдай ким элен сен? Аиданын тырмагына да тен келбейсин. Акылдуу болсон бок сакты жаза бербей озунду коргоз эл алдына…

      • Мыйзамды билбеген деп сиз ката жазып алдыныз,эгер мыйзамды билбеген болсо ак жерден камалды деген ошол эле Тюлеев,Ташиев деген козго басар саясатчылар мойун бербес эле.

    • Мен да сага 100% кошуламын. Аида Салянованы абдан урматтаймын!

  2. Молодец экен Салянова!!! Ошол селяк дөөпөрөско конул деле бурбай койгон жакшы эле. Ал бир оорулу бала болду го кантип журналист ушундай дөдур болсун

    • Салянова озу доодуроп жатпайбы. Оз жасаганын оз башы менен тартсын. Куоосу, агасы кылмыш кылса, жаап жашырып калабы. Катардагы тез жардам унаасынын кызматкерин Арпачиевди , кантип башкы прокуратурага алып барып, болум жетекчисине которду. Бул анын сабатсыздыгы. Же кашелек кылганына алып бардыбы. Ар кандай ишкерлерди коркутуп акча алып конуп калышкан да. Арпачиеви 100 мин доллар менен кармалды го. Мына Солянованын жузу. Эми ошол жасалма жол менен жасаган жалган иштери оз балдарынан, кыздарынан корунсун ….

  3. Аида, синдим,аззаматсын!!! Суранам -НЕ СДАВАЙСЯ!!!Будь всегда на высоте! Гляда на тебя,я с уверенностью могу сказать,ты именно тот человек который имеет право говорить-ЧЕСТЬ ИМЕЮ! Если у нас в стране появятся хотя бы десять таких;принципиальных,порядочных,болеющих за свою страну,у нас обязательно ВСЁ БУДЕТ ХОРОШО!!!А на всякую шнягу не стоит обращать внимания,такие были,есть и будут(«Собака лает,караван идёт.»)У тебя своя миссия ТВОРИТЬ ДОБРО!

  4. Урматтуу Аида биз кыргыздын чыныгы патриоттору сизди колдойбуз ! Айтикеевге окшогон кошоматчы ,эки жуздуу адамдарга элдин каргышы тийет , ал заказ менен жазат ,ага Келдибековдор акча берген деген ой кетет .Сиз таз иштединиз , алдыда дагы коп жакшы иштерди аткарасыз ,биз сиз мененбиз .

  5. Алтынай дообурос,оорулу Сен озундурсун!Оозум бар деп оозго келгенди оттобой жур!

  6. Урматтуу Аида тушунгон адамга жоопту катыра берипсиз! Карапайым элдин кыжырына тийип Айтикеев,Келдибековду актап жазыптыр бул да болсо акчанын кучу.Сиздей кызыбыз бар сыймыктанабыз,Сиздей кыздарды жаштар колдойт,коп жолу кубоо болдум жаштардын мобил.тел.фонуна Сиздин суротунузду койуп алышкан. Аллах Сизге ден соолукту кайраттуулукту мол берсин, ишинизге ийгилик!

  7. Молодец! Катындай суйлогон «эркек» соройго эркекче жооп бериптир!

  8. Тойгончо жеп олгончо карганышат.

  9. Аида Женишбековна! Сиз депутаттыкка койгондо, чындыкты гана суйлойт, эркектер жасай албаган иштерди жазайт деп, анан калса Сизди спикердик креслодон коруп шайлаганбыз. Анча мынча депутаттарды оз ордуна коет деп ишенгенбиз Сиздин келечегиниз дагы алдыда, турмуш озу таразалайт. Ташиев, Келдибеков, Тулеев, Батукаев тууралуу кылмыш иштерди эл жакшы тушунот, Айтикеев, Байболов ондуулор тушунгусу келбей корунгонду жазса, оздорунун акыл денгээлине карата иш жасап жатышат. Келиштирип жооп берипсиз, озунуз айткандай шымын Сизге чечип беришип, Сиздин юбканызды сурап кийип алышсын. Ошондо да ойлонунуз юбканызды бересинби же бербейсизби? Же жыланач коюсузбу?

  10. Аида Женишбековна Сизге ден-соолук, ишинизге ийгилик каалайм!

  11. Gulzina jana Aselge! Biroonu karalagandan murda, ozunordun kim ekeninerdi bilip anan jazsanar bolmok?!

Оставить комментарий

Ваш email нигде не будет показанОбязательные для заполнения поля помечены *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful