Templates by BIGtheme NET

Алмазбек Атамбаев эки министрди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен транспорт жана коммминуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды.

Жолугушууда өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомстволуктун жетекчиси Кубатбек Боронов нөшөрлөп жааган жамгырдан жана күндүн катуу ысышынан улам суу ташкынга кабылган дайралардын жээктерин бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасады.

Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров дайралардагы суу ташкындарынан жана селден улам өлкөнүн ар кайсы жол участкаларында жолду суу чайкап кетүү коркунучу жаралганын, бирок, өз  убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында олуттуу кесепеттер болбогонун билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев куткаруучулар жана жолчулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге стратегиялык автожолдор жана башка инфраструктуралык объектилер жайгашкан аймактарды суу каптоо тобокелчиликтеринин алдын алуу үчүн бардык иш-чараларды өз убагында жүргүзүшү зарыл экендигин баса белгиледи.

fakt.kg

Тема боюнча:  Темир Жумакадыровдун кырсыкка кабылышы бир жыл мурун айтылган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful