Templates by BIGtheme NET

Ачы конушу турак жай курууга ыңгайсыз

Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык трансформацияланган Кара-Суу, Араван райондорунун Ачы жана Кең-Сай турак жай массивдеринен Ош шаарынын тургандарына жер тилкелерин бөлүштүрүү дагы эле токтой элек. Бирок, Ачы массивиндеги 500 гектар жер үлүшү курулуш тикелөөгө таптакыр ыңгайсыз. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жар салды.

– ЗарылчылыктанБАЙЫШ ЮСУПОВ улам Ачы массивинен 2043 гектар жер үлүшү  жеке турак жайларды куруу максатында ажыратылган. Буга дейре 7008 адам алты сотыхтан жер үлүшүн алышкан. Ал эми Кең-Сай турак жай массивинен жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жердин аянты 1124 гектарды түзөт. Бул массивден 5500 адамга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкеси ажыратылды. Мунун ичинен 3580 жаранга жерди пайдаланууга уруксат берген токтомдор чыгарылды, – дейт Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов.

Байыш Юсуповдун айтымында, азыр Ошто турак жай куруу үчүн жер үлүшүн алууга дагы он сегиз миң адам кезекте турат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

fakt.kg

Тема боюнча:  Жигиттин курткасын уурдаган 23 жаштагы кыз кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful