Templates by BIGtheme NET

Пакистандык аял өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберди

Пакистанда өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберген Парвин Рафик кармалC02E9942-23AD-42AD-82B1-F918532A372F_cx0_cy2_cw0_w987_r1_s_r1ды. Ал кызы үй-бүлөсүнөн уруксат сурабастан сүйүктүүсүнө турмушка чыгып алгандыктан, ушундай кадамга барган.

Полициянын маалыматына караганда, окуя 8-июнда Лахор шаарында катталган. Кылмышкер эне ошол эле күнү кармалган.

Парвин Рафик 18 жаштагы кызы Зинатка бензин чачып өрттөп жибергендигин мойнуна алды.

Пакистанда аялдарга карата зомбулук кеңири таралган. Жылына өлкөдө “үй-бүлө намысы үчүн” дээрлик миңге чукул аял өлүмгө дуушар болот.

Былтыр Пакистанда 19 жашар Мария Бибини кыйноого алып, андан соң бензин куюп, өрттөп жиберишкен. Анткени ал өзүнөн эки эсе улуу адамга турмушка чыгуудан баш тарткан.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде бир киши каза болду (видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful