Templates by BIGtheme NET

Депутаттар министирди тоготпойбу же элдин көйгөйүн уккусу келбейби?

 деп

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында  Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы  селдин кесепети боюнча маалымат берди.

«Учурда үйсүз калган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү иштери жүрүп жатат. Сел кесепеттери жоюлуп, таза суу, жол каттамдары калыбына келтирилип, депуэлектр чубалгылары кайрадан тартылууда. Сел агызып кеткен унаалардын биринде 7 адам болгон: 5 адам каза болуп, 1 жаш бала куткарылган, 3 жашар баланы издөө иштери улантылып жатат», — деди министр.

Боронов маалымат берип жатканда айрым депутаттар ага көңүл деле бурушкан жок.

Шайлоо алдында “ат тезегин” кургатпай, айыл-кыштактарга чейин барып жүргөн талапкерлерди али унута элек болсоңуздар керек. Алар депутат болуп калсак, жыргатабыз деп айткан сөздөрү али күнчө элди үмүттөндүрүп жатат. Бирок алар депутат болгон соң, мурункудай “ат тезегин” кургатпай барбай калышты. Эл менен жолугушууга барганынан кайтканы тез болуп жатат. А карапайым калк болдепутатсо, биздин жолго асфальт төшөлөт, мектебибиз жаңыланат деп дагы да болсо, үзүлбөгөн үмүт менен жашап жатышат.

Бороновго ӨКМ селдин алдын албадыңар деп нааразы болгон депутат буларга токтолду:

«Министрлик Кадамжайдагы айылдардын тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу. Алдын алуу иштери болбогондуктан, жарандарыбыз каза табышты. Министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигин эмес, Өрт өчүрүү кызматын жетектегендей көрүнүп жатат. Кырсык орун алгандан кийин гана иш-аракеттерди жасап жатышат. Алдын алуу иштерин да жүргүзүү керек», — деди Акрамов.

Ой айланайын айтканында жан бар. Бирок Боронов же ӨКМ Кудай эмес да, кырсык качан болоорун эч ким билбейт. Элибизде “Кырсык каш кабактын ортосунда” – деп бекер айтылбаса керек.

Кырсыктан кийин премьер-министр өзү барып, ошол айылдын тургундары менен кезигип келди. Ош мэриясы дагы бир топ демөөрчүлөр, айрым министрлер бир күндүк маянасын бөлүп беришти. Бирок депутаттардан алгылыктуу деле кадам болгон жок.

Тема боюнча:  "Эмнеге Кыргызстандын жолдорун кыргыздар эмес, кытайлар, түрктөр курат"

Макул финансылык жардам көрсөтүү үчүн тыйынын аяса да, Министрдин маалыматын кунт коюп угуп коюшса болбойт беле?

Сүрөт super.kg порталынан алынды.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful